Жумгалда окуучуларды ташыган кичи автобус мышык ыйлар абалга кептелди

TurmushНарын облусунун Жумгал районуна караштуу Сары-Булуң айылында мектеп окуучуларын ташыган кичи автобус мышык ыйлар абалга кептелди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Мунара аттуу жергиликтүү тургун автобустун абалын — отургучтары жыртылып, полу тешилип, ички жабдуулары сыйрылып калганын видеого тартып алган.

«Балдарыбыз айланын жоктугунан бул автобус менен мектепке барып келип жатышат. Кышкысын бузулуп калса эмне болот билбейм. Өткөн жылы автобустун жылытуусу иштебей, балдарыбыз тыгылып барып, үшүп келишчү. Ушул көйгөйдү чечкен бир жан жок, айыл өкмөт башчыга, район акимине деле кайрылдык»,- деди ал.

Бул боюнча Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Казыбек Усупов жарыяланган видео август айында тартылганын, кийин бюджеттен акча каралып, оңдоо иши жүргөнүн айтты.

Пример HTML-страницы

«Ооба, кичи автобус окуучуларды ташып келет. Эски болсо да жылына каржы бөлүп оңдоп жатабыз. Кичи автобустардын оңдоосуна жергиликтүү бюджеттен 200 миң каралган. Ага оңдоп-түзөөдөн өтүшкөн, азыр балдарды ташып жатат. Райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган, 2 кичи автобус келмек, азыр тендер жарыялап күтүп жатабыз. Мындан сырткары, Билим берүү жана илим министрлигинен бир автобус келет деп турабыз», — дейт ал.

Миң-Куш айылынын окуучуларына өлкө башчы Садыр Жапаров өткөн жылы 2 кичи автобус белеке берген. Бирок анын бирөөсүн кайра алып кетишкен. Андан кийин көмүр ишканасы тарабынан дагы бир кичи автобус берилген. Райондук фонд тарабынан 2 кичи автобус өткөн жылы берилмек, бирок кечигүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️