Пример HTML-страницы

Жумгалда милиционерлердин жубайларына «Датка айым» жана «Офицердин жубайы» сыйлыктары тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал РИИБдин кызматкерлеринин жубайларына «Датка айым» төш белгиси жана «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды.

Иш-чарага Жумгал РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Алтынбек Мусаев жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирлан Сейитназаров жана милиция кызматкерлеринин жубайлары катышты. Анда ички иштер органдарында өмүр бою каржы-чарба кызматында эмгектенген Сурантаева Ишенбүбү Сурантаевага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Датка айым» төш белгиси тапшырылды. Ошондой эле, 5 офицердин жубайларына ИИМдин ардагерлер кеңешинин «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды. Алар:

1. Кутманалиева Венера Төлөгөнова 01.04.1985-жылы туулган;

2. Жайлообек кызы Наргиза 22.01.1992-жылы туулган;

3. Жумагулова Нуркамал Ырысбековна 10.07.1993-жылы туулган;

4. Болотбек кызы Назим 09.08.1992-жылы туулган;

5. Бекмурзаева Элиза Бекмурзаевна 11.07.1991-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE