Пример HTML-страницы

Жумгалда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Беш-Терек айылында Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 30 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара 3 бөлүк менен өттү. Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу маалымат берилди. Андан кийин кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты көрсөтүлдү.

Ошондой эле буюмдар, кол эмгектери жана улуттук тамак-аш көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Андан кийин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетишкендиктери, аткарып жаткан иштери жана алдыдагы пландары айтылды.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

————

1917-жылы ноябрь айында Совет бийлиги Түркстан крайында орногондон кийин улуттук чек араларды аныктоо маселеси жаралган. 1918-жылы Орто Азия элдери (анын ичинде кыргыздар) Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы аталып, Россиянын курамына кирет. 1919-жылы түрк комиссия түзүлүп, Түркстандагы бардык иштерди башкарган. Бул комиссияны Ш.З.Элиева жетектеген. Курамында М.В.Фрунзе, Я.Э.Рудзутак, Г.И.Бокий, Ф.Н.Глошекин сыяктуу инсандар болгон.

1920-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасы түзүлгөн. Россиялыктар казактарды ал кезде кыргыз дегендиктен, кыргыз-казактарды бириктирип, автономиялуу республикага айландырган. Бирок бул казактар үчүн жакшы болгон менен кыргыздар үчүн коркунуч жараткан. Түндүк кыргыздар чек арасы боюнча казактарга, түштүктөгүлөр Түркстан АССРинин курамында калган.

Негизинен Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд облустарынын курамында болуп чачкын жайгашкан. Алсак, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары Жети-Суу облусунда, таластыктар Сыр-Дарыя, Баткен аймагы Самарканд, Ош, Жалал-Абад жактагы кыргыздар Фергана облусуна баш ийген. Көпчүлүк убакта кыргыз калкынын кызыкчылыктары эске алынбай, майдаланып, жоголуп кетүү коркунучу турган.

Бүткүл союздук БАКтын 1920-жылы 27-августта «Түркстанды администрациялык жактан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токтомунун негизинде Орто Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйыны (1924-жыл, январь) өткөн. Анда И.Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сындаган жана кыргыздар (кара кыргыздар) өз автономиясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп, кыргыздардын жери Кыргыз (башкача айтканда Казак) Республиканын алкагына киргизилери жөнүндө сунуш жактырылган. 1921-жылдан баштап кыргыздын алдыңкы адамдары өз алдынча автономия алууну эңсеп, демилге көтөрө баштаган.

Алматада болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселеси көтөрүлөт. Анткен менен бул маселе чечилбей, Казак АССРине Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облустары берилмек болот. Кыргыздар мурда бир автономиялуу республиканын курамында болсо, эми эки автономиялуу республикага бөлүнүп кала турган болот.

1924-жылы 14-октябрда Москвада Бүткүл союздук БАКтын 2-сессиясы Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү жөнүндө чечим кабыл алган. Ага ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусу ОСФСРдин курамына киргизилген.

Жаңы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун большевиктик-партиялык жетекчиси болуп М.Каменский, облустун революциячыл (башкача айтканда Аткаруу) комитетинин төрагалыгына Иманалы Айдарбеков бекитилген. Кара кыргыз автономиялуу облусуна Түркстан АССРинин Жети-Суу облусунун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уездинен 10, Фергана облусунун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уездинен 9, Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аймагы 195,7 миң чарчы чакырым болуп, калкы 737,3 миң адамды түзгөн. Анын ичинде 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон.

Кара кыргыз автономиялуу облусу Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыштак, 5 хуторду камтыган.

1925-жылы 27-30-март күндөрү Пишпек шаарында 135 делегат катышкан Кара кыргыз автономиялуу облусунун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тууралуу жобо кабыл алынган. Натыйжада революциячыл комитет күчүн жоготуп, мамлекеттик бийлик 51 мүчө жана 12 кандидаттан турган облаткомго өткөн. Курамына И.Айдарбеков, Ж.Абдырахманов, М.Каменский жана башка кирген атайын комиссия түзүлүп, ага облустун жобосунун (конституциялык) долбоорун түзүү иши тапшырылган. Ошондой эле, «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү облус эмес, автономиялуу республиканын катарына кошуу жана башка сунуштар көтөрүлгөн. 1925-жылдын 25-майынан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылдын 1-февралынан Кыргыз АССРи деп аталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE