Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Жумгалда хоккейчилерге 3 күлүк тартууланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунда хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасында ойногон 3 оюнчуга күлүк тартууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жакында эле Кыргызстандын курама командасы В тайпасындагы үчүнчү дивизиондун оюнунда дүйнө чемпиону болгон.

Турнир 27-февралдан 5-мартка чейин алты команданын катышуусунда Босния жана Герцеговинада өткөн. Эми кыргыз курама командасы кийинки жылы А тайпасында ойнойт.

2022-жылы Кыргызстандын курамасы төртүнчү дивизиондогу командалардын арасында дүйнө чемпиону болгон.

Курамада ойногон жумгалдык 3 оюнчуну жердештери салтанаттуу тосуп алышты. Иш-чарага мектеп окуучулары, айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, оюнчуларга райондун сыйлыктары тапшырылды.

Мындан тышкары, «Локомотив» хоккей клубунун машыктыруучусу Саламат Тынадиевге аргымак, камчы белек кылынса, калган эки оюнчу — Эрамир Шамырканов менен Адис Качкынбековго эки баш тай тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE