Жумгалда билим сапатын көтөрүү маселеси талкууланды

TurmushЖумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалиев райондогу бардык орто мектептерди кыдырып, мугалимдер менен маңдай-тескей отуруп баарлашты.

Аталган бөлүмдөн маалымдашкандай, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мугалимдердин толтурууга милдеттүү болгон иш кагаздары боюнча 2022-жылдын 24-февралындагы №219/1-буйругунун негизинде мугалимдер менен маңдайлаш отуруп, билим берүүдөгү жаңылыктар, өзгөртүүлөр, бир катар маселелер жана мектеп директорлору арасындагы ротация иштери тууралуу маек болду. Аны менен катар билим сапатты көтөрүү талаптары коюлду.

Райондук билим берүү бөлүмдүн усулдук кабинетинин жетекчиси Тинатин Самудинованын айтымында, мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу максатында борбор шаарыбыздагы «Креатив-таалим» окутуу комплексинен окуп келген мугалимдердин жаңы тажрыйбасын жайылтуу үчүн Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты «Тарбия жакшысы — тагдырдын ачкычы» темасындагы окуу-тренинги жогорку деңгээлде уюштурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️