Жумгалда билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланып, англис тили мугалими Дубайга жолдомо алды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылынын Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинде Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара белгиленди.

Маалым болгондой, иш-чара райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага район акиминин орун басары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер катышты.

Салтанатта Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Гүлзада Сүйүмбековага «Санарип мугалимдер академиясы» тарабынан Дубайга жолдомо жана 15 миң сом акчалай сыйлыгын тапшырышты. Анын 3 жылдык эмгек стажысы эске алынып, келечек муунга өзгөчө ыкма менен билим бергени үчүн «Эл агартуунун мыктысы» жана «Мыкты мугалим» төш белгиси ыйгарылды.

Ошондой эле, билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген мугалимдер «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилери, ардак грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган. Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️