Пример HTML-страницы

Жумгалда «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси Айзада Майрамбекова 40 000 сом менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айыл аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси Айзада Майрамбекова акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүтүрүүчүгө жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын сертификаты, ата-энесине 10 миң сом, мугалимдерине жана мектеп директоруна ыраазычылык каттар тапшырылган.

Айзада Майрамбекова — Жумгал районунун Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын быйылкы бүтүрүүчүсү.

Ал 2006-жылдын 20-ноябрында Чаек айылында туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган, өзүнөн улуу 3 агасы бар. Кичинекей кезинен олимпиада, сынактарга катышып, коомдук иштердин активдүү мүчөсү болгон. Мектептен сырткары баскетболго катышат.

Атасы Майрамбек Бакаев жеке ишкер, апасы Алтын Токтогонова Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында мугалим, кесиби боюнча тарыхчы.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарынан – 68 окуучу,

Чүй облусунан – 20 окуучу,

Ош облусунан – 17 окуучу,

Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,

Баткен облусунан – 9 окуучу,

Талас облусунан – 8 окуучу,

Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,

Нарын облусунан – 6 окуучу,

Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE