Жумгалда актриса Таттыбүбү Турсунбаева эскерилди (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 12-июлда Жумгал райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан Таттыбүбү Турсунбаева эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

Маалым болгондой, эскерүү кечеси «Соң-Көл» кинотеатрынын алдында өтүп, ага жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары жана маданият кызматкерлери катышты. Алгач маркумга багышталып куран окулуп, андан соң чакан сахналаштырылган сценка тартууланып, актрисанын кино, сахнадагы образдары көрсөтүлдү.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгал районунда төрөлгөн. Чоң атасы, ошол кездеги атагы чыккан комузчу Турсунбай жаңы ымыркайга Таттыбүбү деген ат коет. Атасы Мырзаалы акын Токтогул Сатылгановдун шакирттеринин бири болгон. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй сулуу аял болгонун эскеришет.

Таттыбүбү Турсунбаева 16 жашында алгачкы жолу «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмага тартылган. 17 жашында Ташкенттеги А.Н.Остров институтунун драма жана кино актеру факультетине тапшырып, 3 жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Таттыбүбү Турсунбаева кинодо, театрда Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак Мөөр, Уркуя сыяктуу образдарды аткарган. Театрда У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан. Аны замандаштары «Сахнанын ханышасы» деп аташкан.

Актриса 1981-жылдын 21-декабрында 37 жашында дүйнө салган.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️