Жумгалда 8 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан мектепке дагы 30 млн сом керек

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Таш-Дөбө айылында акыркы 8 жылдан бери бүтпөй жаткан 2-кабаттуу мектептин курулушунун аякташына дагы 30 млн сом керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта аталган мектептин курулушун жүргүзүп жаткандар билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн Мамлекеттик курулуш агентигинин жетекчисинин орун басары Бактияр Станбеков, билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев курулушту жеринде барып көрүштү. Анда мектепти толук кандук бүткөрүш үчүн дагы 30 млн сом акча керек экени айтылды.

Бул мектептин курулушу 2016-жылы 58 млн сомго башталып, кийин курулуш материал кымбаттаган соң акчасы 85 млн сомду түзгөн. Курулушту тендерден «Бек курулуш» ЖЧКсы утуп алган.

Эски мектеп 1960-жылы курулган. Учурда авариялык абалда.

Мектеп боюнча:

Пример HTML-страницы

Буга чейин айылдык кеңештин депутаты Кудайберген Асанбеков Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында акыркы 8 жылдан бери 2 кабаттуу жаңы мектеп курулуп бүтпөй жатып, абалы начарлап жатканын айткан.

Анын айтымында, мектеп боюнча Жогорку Кеңештин депутатына чейин кайрылышкан.

«Биздин мектеп райондо башка дагы 3 мектеп менен чогуу башталган. Мисалы Кызарт айылындагы Айып Идинов мектеби, Кызыл-Жылдыз айылындагы Калык Акиев орто мектеби, Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов орто мектептери бүттү. Биздикинен дайын жок. Мектептин курулушунун сапаты абдан начар, жакындан көрсөңөр оозуңар ачылат. Пайдаланууга берилсе 2-3 жылдан кийин талкаланат. Былтыр күздөн бери бир жан жок, иштеген киши жок. Болгону 2-3 адам сырткы ажатканасын эле куруп жатышат. Бул эмне деген кыянаттык. Курулуп бүтпөй жатып, сарай болуп бара жатат. Билим уяны ушинтип да кордоп салышабы?

2016-жылы 58 млн сом менен баштап, кийин курулуш материал кымбаттады деп 85 млн сом болду деп жатышкан. Акчанын бардыгы которулган, бизде маалымат бар. Сапаты абдан начар, сырты кыйшык. Терезелер салынган бирок чекелери бүтпөй ошол бойдон. Ичин көгүчкөндөр ээлеп алышты. Канаттуулардын мектеби болот окшойт», — деген ал.

Ал эми 5-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Жумгал районунда эл менен жолукканда Таш-Дөбө айылынын тургуну Качкынбек Чалаказак уулу мектеп маселесин кабыргасынан койгон.

«Эски мектебибиз 1960-жылы курулган. Ал жараксыз абалда. 2016-жылы башталган мектебибиз ушул күнгө чейин бүтпөй турат. Качан бүтүрүп бересиңер? Ал менен чогуу башталган 3 мектеп бүттү. Биздики калды», — деген ал.

Нарын облустук курулуш департаментинин өкүлү ушул жылы бүтө турганын айтты.

«Бул мектеп быйылкы жылдын планына кирген, быйыл бүтөт. Жылдын аягына чейин бүтөт. Акча каражаты боюнча бул жерде кошумча жумуштар чыгып, долбоордун авторунан кемчиликтер кеткен экен. Ошонун баары бүгүнкү күндө чечилди», — деди ал.

Жыйын соңунда Адылбек Касымалиев Жумгалда көйгөйлөр көп экенине токтолуп, анын себебин айыл өкмөттөр өзүнүн аткарган жумуштарын элге жакшы жеткире албай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Жумгалда көйгөй көп экен. Айыл өкмөттөр жасаган жумушун элге жеткирип турса мындай болбойт эле. Айыл өкмөттөр чече турган маселелер бизге жетпеши керек. Жүйөөсүз чечилбей жаткандарына чара көргүлө», — деди ал.

Таш-Дөбөдөгү мектептин маселеси:

2021-жылы март айында Таш-Дөбө айылында 2016-жылы салына баштаган жаңы мектептин курулушу аяктабай, жада калса чатыры жабылбай,куюлган пайдубалы, тургузулган дубалдары талкаланып, элдин нааразычылыгын жаратып жатканы белгилүү болгон.

Айыл тургундарынын айтымында, курулушка 59 млн сом каралып, анын 22 млн сому гана бөлүнгөн. Бул каражатка пайдубалы куюлуп, дубалы экинчи кабатка чейин көтөрүлгөн.

«Жок дегенде чатырын жаап салса, мындай абал жаралбайт эле. Бийликтин ушундай кайдыгерлиги элдин ишенимин кетирет. Бул боюнча жаңы президентибиз Садыр Жапаровго да кайрылганбыз. Учурда окуучулар эски мектепте 1 партада үчтөн отуруп окуп жатышат. Пандемия учурунда аралыкты сактагыла дешет. Кантип аралыкты сактайбыз? Эски мектептин жарымы дагы бала бакчасы. Эски мектеп 150 окуучуга ылайыктуу болсо, азыр 373 окуучу билим алып жатышат», — дешкен айылдыктар.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын Кочкор-Жумгал району боюнча техникалык көзөмөлдөөчүсү Темирбек Сапаралиев өкмөттөн акча бөлүнбөй, плиталары урап, кирпичтери жарабай калганын айткан.

«Бул мектеп оор абалда калды. Ушул кезге чейин 22 млн сом каржыланып, биринчи кабаты толук бүтүп, экинчи кабаты көтөрүлүп, бирок чатыры жабылбай калды. 3 млн сом карап, чатырын жаап койсо, мынчалык чыгым болушмак эмес. Эми мектеп ураганы турат. Бузуп, кайра куруу үчүн дагы 22 млн сом керек болот. Өкмөттөн акча бөлүнбөй, плиталары урап, кирпичтери жарабай калды», — деди.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу министр өзү көрүп кеткенин, бул жылга акча бөлүнөрү айтылганын билдирген.

«Министр Алмаз Бейшеналиев Чоң-Дөбө айылындагы Тыналы атындагы мектебинин ачылышында келип, Таш-Дөбө орто мектебинин курулушу менен жеринде таанышкан. Бул мектептин курулуш иштерин жандандыруу боюнча аракеттер көрүлөрүн билдирген.

Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан курулушу бүтпөй турган мектептердин курулушун жандандырууга жардам көрсөтүү боюнча каттар министрликке жиберилген. Министрлик тарабынан аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми урап калуу коркунучу бар деген маселе боюнча айтсам, чындыгында кар жана жаандан улам суу болгон жерлери бар. Курулуштун азыркы абалына, сапатына тийиштүү адистер баа берип, алардын жыйынтыгы менен гана айтуу туура болот», — деген Насыбалы уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️