Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага акимдин орун басары Аида Ишеналиева, Жумгал райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Аида Бектурганова жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына караганда, эки жыл ичинде 204 үй-бүлө 100 миң сомдон алып, жеке ишин жүргүзүп жатат. Ай сайын башкармалык тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланышы көзөмөлдөнөт.
2024-жылга квота боюнча 210 үй-бүлө социалдык контрактка кирген.
Социалдык контракт деген эмне?
Социалдык контракт — бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот. Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат.
«Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун бекемдөө» долбоору Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банктын тобуна кирет) тарабынан 30 млн долларга (кредит) каржыланган.
Кредиттик каражат 38 жылга 1,25 бир жылдык үстөк пайыз менен берилген.
Социалдык контракттын сунушталган стратегиясы республика жана Бишкек шаары («Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар) боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган. Социалдык жардам социалдык келишимдин негизинде 100 000 сом өлчөмүндө берилет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.