Жумгал районунун борборунда тытылган абалда илинип турган желектер жаңыртылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун борбордук аянтында жана райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын чатырында тытылган абалда илинип турган мамлекеттик желектер алмаштырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ошондой эле райондогу бардык айыл аймагындагы мекемелердин имараттарынын чатырында илинип турган желектер алмаштырылып, айрымдары жаңыртылды.

Буга чейин жергиликтүү тургун желектер бир айдан бери тытылган абалда турганын айтып, нааразы болушкан.

Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М.Сыдыков.

Пример HTML-страницы

2023-жылдын декабрынын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын желегин өзгөртүүнү жактырышкан: жаңы желекте Күндүн нурлары түз, ал эми мурдагы желекте Күн нуру толкун болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️