Пример HTML-страницы

Жумгал районунда бугу менен маралдар үчүн корук уюштурулуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал районунун Көлмө жайлоосуна корук уюштурулуп жатат. Бул жайга 5 баш бугу жана маралдар алынып келет. Бул тууралуу райондук токой чарбасынын кызматкери Доктурбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, бугу жана маралдарды алып келүү үчүн өткөн жылы 3,5 млн сомго долбоор түзүлгөн. Учурда корукту курчоого алуу иштери жүрүүдө.

«Аталган өрөөндүн Ак-Быштынын сазынан Көлмө лагерине чейинки аралык, 10 гектар жер аянты тосулат. Бугу менен маралдар көбөйгөн соң, бул жер аянты кеңейтилет. Жер аянты райондук токой чарбасына тиешелүү. Бирок аймак Байзак айыл аймагында жайгашкан. Жай даяр болгон соң атайын кызматтар Талас же Нарындан жапайы жаныбарларды алып келип беришет», — дейт Өмүрзаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE