Жумгал районунда 5 бала бакчага жетекчилер сынаксыз дайындалган. Билим берүү бөлүмү эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунда 5 бала бакчага жетекчилер сынаксыз дайындалган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жетекчилерди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Баялиева дайындаган. Алар:

1. Жумгал айылындагы «Нур-Жаз» бала бакчасынын директору Бурул Мусаева 2024-жылдын 16-апрелинде кеткен. Анын ордуна Жүзүм Сабырова дайындалган. Б.Мусаева өзү кайра тарбиячы болуп ишке кирген, пенсия жашында.

2. Чаек айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы «Байчечекей Жумгал» бала бакчасында 10 жылдан ашык жетекчи болуп иштеп келген Дүржан Өмүрзакова 2024-жылы 25-апрелде кызматтан кеткен. Аны ордуна билими жогорку, жалпы эмгек стажысы 8 жыл болгон Сүйүнбек кызы Айнура бекитилген. Ал эми мурунку директор Өмүрзакова кайрадан тарбиячы болуп кирген. Ал да пенсия куракта.

3.Баш-Кууганды айылындагы Советбек Жамгырчиев атындагы бала бакчасында 11 жылдан ашык жетекчи болгон Самарбүбү Биймурзаеваны 2024-жылы 16-майда Түгөл-Сай айылындагы «Урууке» бала бакчасына ротация жолу менен жетекчи болуп бекиген. Анын жалпы эмгек стажысы 35 жыл, билими жогорку.

Пример HTML-страницы

4. Түгөл-Сай айылындагы «Урууке» бала бакчасынын директору Нуржамал Сулайманова 2024-жылы 16-май Баш-Кууганды айылындагы Советбек Жамгырчиеватындагы бала бакчага жетекчи болуп которулган.

5. Байзак айылындагы Сапаралы Калыбеков атындагы бала бакчасынын директору Анара Адышованы 2024-жылы 13-майда кызматтан алынган. Анын ордуна жалпы эмгек стажысы 21 жыл болгон Бусурманова Айдай Салмоорбековна дайындалган. Ал эми мурунку директор Адышова бала бакчага тарбиячы болуп кирген.

2022-жылдын 8-июлунда президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыгы жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин камсыз кылуунун жана ишин уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык, 5 жылдан ашык бала бакча директору болуп иштегендер кызматтан кетишет. Ошондой эле, бала бакчалардын жетекчилик кызматына талапкер болгондор атайын сынак тапшырат. Анын натыйжасында сынактан жогорку упай алган талапкер бала бакчанын жетекчиси болуп дайындалат.

Буга байланыштуу жергиликтүү активисттер жогорудагы талаптар аткарылбай жатканына нааразы болушууда.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рита Баялиева аталган бала бакчалардын директорлору өз каалоолору менен арыз жазып, кызматтан кетишкенин билдирди.

«10-11 жыл директор болгон Дүржан Өмүрзакова, Бурул Мусаева, Анара Адышовалар өз каалоолору менен арыз жазышкан. Анан мен алардын ордуларына жаңы директорлорду дайындадым. Ал эми Нуржамал Сулайманова, Самарбүбү Биймурзаеваларды өз каалоолору менен которуу жолу аркылуу кызмат ордуларын алмаштырдым. Жаңы дайындалгандар деле кайра сынактан өтүшөт. Кеткендер пенсия куракта, кааласа алар деле сынака катыша алышат. Азырынча тизмелерди бердик, сынак жарыялана элек», — деди Баялиева.

Учурда райондо 25 бала бакча, үч сааттык 8 бала бакча бар. Жетекчилердин жарымы 5 жылдан 10 жылга чейин жетекчи болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️