Жубайынан айрылгандан кийин кесибин алмаштырган мурунку милиционердин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Мирлан Азыгалиев өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө эмгектенип жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысына жубайы каза болгондон кийин кесибин өзгөрткөнүн айтып берди.

Учурда Аламүдүн райондук №1 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кароол башчысы болуп иштеп жатат. Каарманыбыз 1984-жылы 6-июнда туулган.

«Ата-энем бар. Беш бир тууганмын, 1 кыз жана 4 уул. Билимим жогорку, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факултетин 2007-жылы аяктагам. 2010-жылдан бери милиция кызматкери болуп иштечүмүн. Жубайым Нуризат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде эмгектенчү. Тилекке каршы ал оорудан улам 2019-жылы каза болуп калды. Экөөбүздүн 1 уул, 2 кызыбыз бар.

Өзүңөр билгендей, милиция кызматкерлери күн-түн дебей эл кызматында. Ал эми ӨКМде бир күн болсо да эс алууга чыгып, балдардын жанында болосуң. Балдарым энесинен айрылганы аз келгенсип, кесибимдин айынан атасынан да алыс өсүп калышпасын дедим. Балдарыма караан болуп, алардын апасын жоктотпой, дайым жанында болуу үчүн кесибимди алмаштырдым. Ошентип 2019-жылдан бери куткаруучулук кесипти аркалап келе жатам», — деди ал.

Анын айтымында, куткаруучу кесибин аркалоо абдан оор. Алар күндүн апаптуу ысыгына, кыштын ызгаардуу суугуна карабай, жоголгон адамды издеп, сууга чөккөн адамды алып чыгышат.

Пример HTML-страницы

«Айтор айта берсек көп. Бул кесипке мүнөзү бышык, чыдамкай киши жарайт. Алдыга максат койгон, баарына чыдаган гана киши иштей алат деп ойлойм. Башка кесиптерден айырмасы абдан чоң. Биздин кесипте күлкүлүү, кызыктуу окуя деле болбойт. Дайым жардамга чакырган жерге барабыз. Ал жерде же унаа кырсыгы, же сууга чөгүп кетүү, же үй күйүп жаткан болот. Адамдар үмүт менен карашат. Табылып калар, аман алып калышар дешет. Бизге өз убагында кабар айтылып, өз убагында аман-эсен таап калсак, адамдарды куткарсак, абдан ыраазы болушат. Сүйүнүчтөрүн көрүп, сен да кубанасың. Эгер кайгы менен аяктаган кырсыктар болсо, ал кишинин жакындарынын абалын көрүп, бооруң ооруйт, ичиңен кайгырасың. Ошондой чукул кабар түшкөндө ыкчам баруу үчүн кээде жолдо тоскоолдуктар болуп калат. Кээ бир айдоочуларды түшүнбөйм. Куткаруучунун же өрт өчүрүүчүнүн атайын техникасы жолдо шашып бара жатканын көрүп, «демек бир жерге куткарууга бара жатышат» деген ой менен жолду бошотуп бериш керек да. Жок, бизде көпчүлүк айдоочу жолуңду тороп, өзү биринчи өтүүгө ашыгат», — деди ал.

Куткаруучу жакында эле болгон каргашалуу окуя тууралуу айтып берди.

«Практикамда көп эле эсте калган окуялар болду. Жакында эле күйүүчү май ташып, саткандардын баласы унаа ичинде калып кошо күйүп кетти. 2004-жылы туулган жаш эле бала экен. Жашоонун эч нерсесин көрбөй кетти. Баарынан дагы күйүп бүткөн унаанын ичинен баланын күйгөн сөөгүн алып чыккан жаман көрүнүш болду», — деди ал.

Мирлан Азыгалиев үйлүү болууну кыялданат.

«Милицияда иштеп жүргөндө бир канча ардак баракчалар, сыйлыктар менен сыйлангам. Азыр бул кесиптен дагы башкармалыктан, облустук өкүлчүлүктөн, ардагерлер коомунан ар кандай сыйлыктарды алып жүрөм. Келечекте үйлүү болуп, балдарымды татыктуу тарбиялап өстүрүп, алардын келечегине кам көрсөм дейм. Өлкөбүздө тынчтык, бейкуттук болсо деген тилегим бар. Мурда табиятка чыкканды жакшы көрчүмүн. Азыр болсо, балдарымдын жанында болуу, алар менен ойноп, алар менен убакыт өткөрүү менин хоббиме айланды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️