Пример HTML-страницы

ЖРТда эң жогорку упай топтогон Бек Темиркулов Казакстандагы сынактын жыйынтыгын күтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту. Анын ичинен 7 окуучу Чүй облусунан алышты. Алардын бири — Токмок шаарындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Бек Темиркулов. Ал 231 упай алган.

Бүтүрүүчү 2006-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Атам Тимур, апам Мээрим 3 баланы тарбиялап өстүрдү. Менден кийин иним жана карындашым бар. ЖРТга катышып жатканда, «алтын сертификат» алам деп ишенгем. Бирок мынчалык жогорку упай алам деп ойлогон эмесмин. Анткени практикалык тесттерден мындай жыйынтык ала элек болчумун. Азыркы учурда Казакстандагы университетке тапшыруу сынагынын жыйынтыгын күтүп жатам. Мен бир нече кесипке кызыккандыктан кесипти дагы чече элекмин. Мен өзүмдүн жөндөмүмдү жана кызыкчылыктарымды айкалыштырган жана өлкөмдүн өнүгүшүнө максималдуу салым кошо ала турган чөйрөнү тапкым келет.

Лицейде математика, тарых сабактары абдан жакчу. Орус тили боюнча олимпиадаларга да катышкам. Бул мага ЖРТга даярданууга жардам берди. Ал эми бош убактымда досторум менен футбол ойнойм. Стол тенниси клубуна барып жүрөм. Лицейде мени мыкты оюнчулардын бири деп эсептешет», — деди ал.

————

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

Жогорку упайларды алган 56 бүтүрүүчүнүн арасында Нарын облусунан 3 окуучу бар:

Рамазан Айдарбеков (231) – М.Субакожоев атындагы Нарын лицейи;

Айганыш Дөөлөтбекова (229) – Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби;

Жанбол Жаркынбаев (225) – былтыркы жылдын бүтүрүүчүсү.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери дайыма президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE