Пример HTML-страницы

ЖРТда 223 упай топтогон ысык-көлдүк Сезим Абдрахманова президент менен жолугушууга чакырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын тургуну Сезим Абдрахманова жалпы республикалык тестирлөөдө 223 упай топтоду. Ал «алтын сертификат» ээлери менен бирге президенттин колунан сыйлык алууга чакырылды.

Сезим Абдрахманова Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектебин аяктап жатат. Ал 2006-жылы 20-декабрда туулган. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, эки агасы бар.

«ЖРТга негизинен өз алдымча көп даярдандым. Мектептен дагы мугалимдерим менен тынымсыз даярдык көрдүк. Мектеп менин даярдануума шарт түзүп, ар дайым колдоо көрсөттү. Жеке курстарда да окудум. Билим берүү мекемелери менин ушул балл алуума чоң жардам көрсөттү. Убакыттан пайдаланып, эң биринчи эле алтын уям — мектебиме, мугалимдерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», — дейт ал.

Ал тест тапшырып жаткандагы сезимдери менен да бөлүштү.

«ЖРТ болордо толкунданып, коркуу сезими болду. Бирок тесттин суроолору мен ойлогондой, орто оордукта болду. Ата-энем мени ар тараптан колдоп, тестирлөөгө даярдануума шарт түзүп беришти. Эң биринчи эле бул жаңылыкты укканда ата-энеме сүйүнчүлөдүм. Алар абдан кубанышты. Бул жаңылыкты биз абдан күткөнбүз. Ошондогу сезимдерим бир башкача болду. Ал убактагы сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Өзүм да абдан кубандым, анткени көп убакыт даярдандым», — дейт ал.

Буга чейин Сезим математика сабагы боюнча облустук деңгээлдеги олимпиадаларга катышып келген. Учурда тил үйрөнүү менен алек.

«Азыркы учурда эң керек болгон тил — англис тилин үйрөнүп, өздөштүрүп жатам. Себеби тил билүү азыркы учурдун талабы. Ошондуктан жакшы билим алуу үчүн тил билүү маанилүү деп эсептейм», — деди ал.

Бүтүрүүчү жогорку упай алуунун сырын айтып өттү.

«Эң негизгиси аракет кылуу керек. Тынымсыз аракет менен гана ийгиликке жетише алабыз. Андан сырткары сынамык тестирлөөгө катышууга чакырат элем. Себеби сынамык тестирлөө жазуу түрүндө, ката үстүндө көп иштейбиз. Мүмкүн болсо курстарга да барып даярданган абдан натыйжалуу», — дейт ал.

Сезим бош убактысында ар түрдүү жанрдагы китептерди окуганды жакшы көрөт. Андан сырткары ырдоо, таттууларды жасоо — хоббиси.

«Өзүм математика сабагына кызыккандыктан прикладдык математика жана информатика багытын тандап, IT адиси болууну кыялданып жатам. Учурда IT адистери абдан керектүү деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

———————————————————

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайларды 56 бүтүрүүчү топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушту.

Эң жогорку упай 234 болду — аны 3 бүтүрүүчү алды.

«Алтын сертификаттын» аймактар боюнча саны:

  • Бишкек – 34,

  • Чүй облусу – 7,

  • Ош шаары жана Ош облусу – 6,

  • Жалал-Абад облусу – 3,

  • Нарын облусу – 3,

  • Талас облусу – 2,

  • Баткен облусу – 1,

  • Ысык-Көл облусу — жок.

Кыргызстанда «алтын сертификат» ээлери президент тарабынан сертификат, стипендия жана белек менен сыйланып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE