Жолдошу менен чет өлкөгө барып, күтүүсуз окуяга кабылган Оксана

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас шаарынын тургуну Эркинбек кызы Оксана. Ал турмуш жолуна аттанган 4 жылда эмнелерге жеткенин, эстен кептпеген окуяларын айтып берди.

«Мен 1997-жылы Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында төрөлүп-өскөм. Талас мамлекеттик университетинде (ТалМУ) билим алгам. Кесибим боюнча тарых сабагынан мугалиммин, учурда декреттик өргүүдөмүн.

Жолдошум менен бир жерде иштечүбүз. Бир көрүп сүйүп калуу болгон эмес, убакыттын өтүшү менен ортобузда сезим пайда болуп, кыз-жигитке айландык. Анда мен 18 жашка жаңы эле чыккан кыз болчумун.

Жолдошум Мирзат Момунбаев 1996-жылкы, менден 1 жашка улуу. Түндө келип, эшиктин алдында пеноплэкс менен жүрөкчө кылып, “мен сени сүйөм” деп жазып кетиптир. Эртең менен университетке чыгып жатып көргөм, шамалга бир аз учуп кетиптир. Мага болгон сезимин ошентип билдирген.

2020-жылы коронавирус пандемиясы бүтө электе үйлөнгөнбүз. Үй-бүлөдө жолдошум улуу бала болгондуктан баарын нөлдөн баштадык десем болот. Өзүбүзгө үй жана унаа алуу үчүн мигрант болуп, Москвага иштеп кеттик. Алгач жер тилке сатып алдык, акырындык менен үйүбүздү курдук, унаалуу болдук дегендей. 2021-жылы кыздуу, 2023-жылы уулдуу болдук. Баарына чогуу жеттик, Кудайга шүгүр. Учурда блогерлик менен алектенип, клип жана кинолорго тартылууну максат кылып жатабыз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

«Үйлөнгөндөн кийин 1 айдан соң Москвага аттануу үчүн учакка билет алдык. Ал кезде чек аралар жабылган кез болчу. Бизге алгач Белоруссиянын Минск шаарына барып, анан Россиянын Москва шаарына барасыңар деп, билет сатышкан. Биз аларга ишенип, Түркия аркылуу Белоруссияга учтук. “Минскке барсаңар, силерди такси унаасы менен Москвага алып кетишет” дешкен. Ал жакка барсак эч кимдин дайыны жок, көрсө бизди алдап кетишиптир.

Чек арадан качып киргенде, автоматчандар бизди атып өлтүрө сала жаздашкан. Бизден сырткары көп адамдар бар болчу. Бир учакта баары алдангандар экенбиз, ошентип жалпы 20 адам кармалганбыз. Ошентип, бир сутка убактылуу кармооочу жайда жатканбыз. Жаңы үйлөнгөнбүз, али ысыгыбыз тарай элек болчу, түрмөдө жатабыз. Ал жактан эптеп чыгып, айып пул төлөп, анан кайра Кыргызстанга келишибиз керек болчу. Анда билет 60 миң сом болчу, экөөбүзгө 120 миң кеткен. Анан кайра эле коркпой, ортомчуларга акча төлөп, экинчи аракет менен качканбыз. Тайга, чоң токойлор аркылуу Россиянын территориясына өткөрүп жиберишкен. Ошол окуя такыр эсимден кетпейт, катуу стресске да кабылганбыз. Турмуштук чоң сабак алып, азыр эстеген сайын күлүп калабыз», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️