Жийде Мамыралиева 5 метр кездеме керектелген баш кийимдерди тигип келет

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарын 64 жаштагы тургуну Жийде Мамыралиева аялдардын баш кийими болгон элечектерди тигип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичине кезинен эле кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

«Өзүмдүн өнөрүмдү кыздарыма калтыргым келет. Акыркы жылдары баш кийим тиккенге өзгөчө көңүл буруп жатам. Элечектин ичинде картон менен жасап, кир болсо эле, жууй албай, аялдарда маселе жаралганын көрүп жаттым. Анан ошол маселени чечүү максатында ичин кийиз менен жасап баштадым. 5 метр кездемени кийизге ороп жасайм. Ошондо гана мыкты элечек жасалат. Анткени ал кир машинага деле жууй турган болот.

Өңү ак элечектерди жаш келиндер, ал эми өңү кара элечектерди жесир аялдар кийип келген. Азыр мен ар бир эненин башынын өлчөмү менен, мааниси менен тигип берем. Күйөөсү каза болгондорго өңү кара болсо дагы, бирок, өзүнүн табитиндеги боёктор, саймалар менен жасайм. Ак түстүү элечекти дагы жасалгасын өздөрү тандашат

Бир элечекти жасоо үчүн 1 күн сарпталат. Баасы 2 миң сом. Кыздар үчүн такыяларды, келиндерге ыңгайлуу баш кийимдерди тигем. Алардын баасы 300 сомдон 1000 сомго чейин. Аларды кооздоо үчүн шууруларды Бишкек шаарынан алып келем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️