Жигит менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жолугушууда капканга түшүргөн погончон айымдын окуясы

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон сулуу» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Жайыл РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны Турабаева Ибадат Жалиловна. Ал 16 жылдан бери милиция тармагында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Баткен облусунун Кадамжай районунда 1983-жылы жарыкка келгем. Үй-бүлөдө жети бир туугандын кичүүсүмүн. Кадамжай районундагы №4 Карл Маркс атындагы орто мектебин аяктагам. 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) юриспруденция факультетинде билим алгам. Мындан улам окуу-тажрыйба практикаларым милиция жана прокуратура органдарында өттү. Эмгек жолум 2008-жылы Баткен ОИИБдин кайгуул күзөт кызматы жана Кадамжай РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында башталган. Негизи милицияда кызмат кылуу жоопкерчиликти, тырышчаакты жана кыраакылыкты талап кылат. Милиция кызматкери экениме абдан сыймыктанам», — деди ал.

Каарманыбыз жумуш учурундагы эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Менин эмгек жолумда кызыктуу окуялар көп эле болуп турат. Бир жаран уюлдук телефонун түшүрүп алып, таппай калганын айтып кайрылды. Аны 20 жаш курактагы жигит таап алган экен. Опер кызматкери номуруна чалып, «телефонду ээсине алып келип бер, арыз түштү» десе, алып келбей койгон. Бир нече күндөн кийин дал ошол номурга байланышып, тиги жигит менен таанышып, сүйлөшүп кеттик. Телефон аркылуу экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрөбүз. Арадан бир жума өткөндөн кийин ал жолугушууга кафеге чакырып калды. Жигит айткан жерге терезеси караңгылатылган көк түстөгү унаа менен бардык. А мен болсо ак түстөгү унаа менен келем деп койгом. Жигит кафеден сыртка чыкканда, аны биз дароо таанып, жанымдагы опер кызматкери ошол жерден кармап, телефонду алган. Мен болсо унаада жашынып, сыртка чыккан жокмун. Ал бала жолду карап, сүйлөшкөн кызы келчү ак түстөгү унааны көздөрү менен издеп жатканын байкап турдум…

Дагы бир эстен кеткис окуяны айтып берейин. Бир жолу батирден көп суммадагы акча уурдалганы боюнча фактты катталды. Кылмышка шектүү кармалган, аны тергөөгө алган кызматкерлер такыр айласын таба албай коюшту. Айрым кылмышкерлер психологиялык жактан даяр, аябай амалкөй болушат. Бирок, биз деле андайды далай баштан өткөрүп, алардан аша амалкөй болуп калганбыз. Анан мени тергөөгө алышымды суранып калышты. Ал шектүү уурдаганы билинип турса да, анык далил болбой турду. Кээде манжалардын издери да дал келбей калган учурлар болот. Мен тергөө амалдарын жүргүзүп, ага ар түрдүү суроолорду бере баштадым. «Сиздин үйүңүздөн акча уурдалса эмне кылмаксыз? Өз үйүңүздөн да уурулук кылып көрдүңүз беле? Бүгүн сиз бирөөнүкүн уурдасаңыз, эртең балдарыңыздыкын да бирөө уурдайт экенин билесизби? Бул дүйнө кайтар дүйнө эмеспи» деп, жана башка ушул сыяктуу суроолорду жылуу-жумшак берип, тиги адамды ачык сүйлөшүүгө ынандырып жаттым. Ал аягында күлүп жиберип, «сизге чынын айтпасам болбой калды» деп кантип уурдаганын айтып берген. Айтып берип жатып, «ушинтип бат эле айтып салдымбы?» деп өзүнө-өзү таң калып, бизди кошо күлдүргөн», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Мурда кызыктуу журнал, гезиттерден пайдалуу маалыматтарды, ырларды, накыл сөздөрдү, дептерге көчүрүп жазып, окуп жаттачумун. Ошол дептерим дагы деле бар. Чынын айтсам, учурда бош убакыт менде жокко эсе. Жумуштан кийин аял киши үчүн үй түйшүгү бар эмеспи. Кээде бош убакта интернеттен өзүмө керек болуп жаткан пайдалуу маалыматтарды издейм. Кол өнөрчүлүккө, колдо жасалган жөнөкөй буюмдарга кызыгам. Англис тилин базалык түрдө сүйлөй алам. Тилди унутпаш үчүн кээде англис сөздөрүн колдонуп турам жана профилдик негизде такай окуп жатам. Келечекте элиме ак кызмат кылып, тажрыйбам менен жаштарга бөлүшүп, алдыга өсүп-өнө берсек дейм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Ибадат Турабаева 2008-жылдан 2017-жылга чейин Кадамжай районунда үзүрлүү эмгектенүү менен бирге көптөгөн ийгиликтерге жеткен. Анда ИИМдин ардак грамотасы, Коргоо министрлигинин сыйлыгы, ошол учурдагы Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан «Милицияга кызматы үчүн» төш белгиси жана Баткен облусунда «2013-жылдын мыкты кызматкери» наамын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️