Жибек Алдаярова үйдө жөн жатпай киреше табуунун жолун тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы Ормон хан айылынын 38 жаштагы тургуну Жибек Алдаярова үйдө жөн жатпай киреше табуунун жолун тапты. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

Ал Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган.

«Ормон хан айылына келин болуп келгем. Айылда жумуш жок болгондуктан, балдар менен эле үйдө эле отурчумун. Бир күнү жолдошум курут, май жасап сатуу идеясын айтып калды. Бирок мен көңүлдөнбөй соода кылып көрсөм кандай болот деп ойлодум. Бирок соода баштаганга көп акча керек экенин түшүнүп, жолдошумдун идеясын ишке ашырдым. Анткени сүт өзүбүздөн болчу. Кийин кошуна-колоңдон ала баштадым. Бир жумада сүттүн акчасын төлөп турам десем кошуналарым мага өткөрүп баштады. Ошентип ишибиз алдыга жылып кетти. Өзүм бир же эки уй саайм. Элден сүт алам.

Сары май жасоонун ыкмасы мындай: Сүттү казанга куюп жылытып алып, сепараторго тартып баштайм. Каймагы өзүнчө, көк сүтү өзүнчө бөлүнөт. Анан көк сүттү казанга кайнатып бышырып, айран кылып уютам. Каймакты болсо колго жуурусам суусу бөлүнүп чыгат. Суусун өзүнчө идишке куюп алам. Жуурулган каймакты казанга куюп сызгырам. Кайнап чыкканда сары май өзүнчө, чөбөгөсү өзүнчө бөлүнүп чыгат. Сары май дагы эркек май, ургаачы май деп бөлүнөт. Эркек май даамдуу болгондуктан, кардарлар эркек майды көп талап кылат», — дейт ал.

Кардарлары көп болгондуктан жетишпей да калат.

Пример HTML-страницы

«Дайыма алып жүргөн кардарларым бар. Сүт көп болсо аз эле убакытты талап кылат. Сүт аз болсо сатып алуучулар көпкө күтүп калышат.

Курутту болсо сүзмөсүн даярдап берсем эки кызым жасайт. Алар жардамдашып, жасап бергени үчүн акча төлөп берем. Кыздарым быйыл курут жасап, мектепке керектүү кийим-кечелерин сатып алышты. 1 литр сары май 900 сомдон, карын майдын 1 кг 1200 сомдон бааланды. Куруттун килограммын 400-450 сомдон сатып жатам. Кудайга шүгүр, түшкөн акча жеген-ичкенибизге кенен жетет. Анча-мынча керектүү оокаттарыбызды алып жатабыз», — дейт Жибек айым.

Ал келечектеги максаттары менен да бөлүшө кетти.

«Келечектеги максатым сары май, курут менен токтолбостон чоң цех кылып сыр, каймак жасасам деген оюм бар. Иштегенге кыз-келиндерди алып, жумуш орду менен камсыз да кылмакмын.

Жолдошум багбанчылык жана мал багып алектенет. 2 кыз, 2 уулум бар. Жолдошум өзүнүн кесиби боюнча зергер, колунан көөрү төгүлгөн адам. Бирок азыр өзүнүн кесиби боюнча иштебейт. Кайнене, кайнатамдар менен чогуу турабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️