Жетинчи уулун 7 миллионунчу кыргызстандык менен удаа төрөгөн К.Абдылдаева «Баатыр эне» наамын алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында «Баатыр эне» ордени менен 2 эне, «Эне даңкы» медалы менен 4 эне сыйланды. Алардын ичинен эң жашы 35 жаштагы Кундуз Абдылдаева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Кундуз Абдылдаева 1989-жылы 20-мартта Нарын шаарында туулуп өскөн. 2009-жылы Бишкектеги А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумун бүтүргөн. Ал эми 2024-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бүтүрүп, педагогикалык кесипке ээ болду.

«Көп балалуу болуунун жоопкерчилиги чоң. Эгерде жолдошуң, ата-энең жана бир туугандарың жакшы болсо көп кыйынчылыгы деле билинбейт. Балдарыбыз кичинекей кезинде көбүнчө бир туугандар, кайын эже, сиңдилерим балдарды каралашып, жардамын беришти. Мен бактылуу энемин деп ойлойм. Анткени чоң ата, чоң эне, тай ата, тай энелери бар. Алар да көп жардам беришет», — деди.

Ал 16 жылдан бери келиндик доорду сүрүп келет.

«Жолдошум экөөбүздү кайын эжем тааныштырган. Ал кезде мен Бишкекте студент болчумун. Байке катары тааныш болуп жүрдүк десем да болот. 2008-жылы туулган күнүмдө куттуктап, гүл көтөрүп келип, колумду сурап, ошол күнү баш кошконбуз. Ал күнү мен жаңы эле 19 жашка толгом. Үйлөнүү тоюбуз октябрь айында өткөзгөнбүз», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Учурда жолдошу экөө 7 баланын бактылуу ата-энеси. Көкүрөк күчүгү болгон кенже уулун 2022-жылы 19-октябрда 7 миллионунчу кыргызстандык бала менен удаа жарык дүйнөгө алып келген.

«Чынында көп балалуу болом деп ойлочу эмесмин. Бирок турмушка чыгып 5 баламды удаа төрөгөндөн кийин «Баатыр эне» болом, президенттин колунан медаль алам деп, кыялдана баштадым. Кудайым буйруп, баатыр эне болуп отурам. 5 кыз, 2 уулубуз бар.

Улуу кызымдын ысымын эгиз кайын сиңдилерим Дубайда болгондуктан алыс жерден деп, эжелери коюп беришкен. Кийинкилерин тай атасы, чоң аталары койгон. Кичүү уулубузду болсо «Баарына эле ат койдурттук, эми өзүм деле койсом болобу» деп жолдошума айтып, Байхан деп ысымын ыйгаргам. Бирок ушул ысымды койгонго чейин «Ушундай ат кой» деп түш көргөн элем. Анан ошону менен уулум Байхан болду десем да болот. Белгилей кетчү нерсе Байхан уулубуз 2022-жылы 19-октябрь эртең менен саат ондор чамаларында төрөлгөн. Бул күнү 7 миллионунчу кыргызстандык төрөлгөн күн», — дейт ал.

Кундуздун айтымында ар бир баланы жарыкка алып келген күнү дайыма эсинде.

«Эң биринчи эне болгонум эстен кетпейт. Жолдошум экөөбүз чыдамсыздык менен күткөн күн десем жаңылышпайм. Кыскача айтканда, эне болуу бул ар бир аялзатынын тилеги болуш керек. Бактылуу эне—бул үй-бүлөлүү жана балалуу эне деп эсептейм. Баатыр эне болгонумду мен медаль алганда гана толкунданып, сезип кубандым. Ушул балдарым мени «Баатыр эне» деген наамга татыктуу кылган деп, сүйүнүчүм койнума батпай келем. Азыр деле сүйүнүп отурам. Жолдошум экөөбүз кубанычыбызды жеткизе албай турган чагыбыз.

Пландарыбыз абдан көп. Келечекте кыргыз элинин жана мекенибиздин татыктуу, бактылуу уул-кыздардан болсо экен деп тилек кылып келебиз», — дейт ал.

Балдары менен өткөргөн кызыктуу күндөрү абдан эле көп. Алардын бири менен бөлүшө кетти.

«Эсимде калган окуялар абдан көп. Бир жолу көл жээкке балдарымдын баары менен чогуу конокко барганбыз. Анан жолдошум капысынан жумуштар менен айылга кетиш керек болуп, бизди мейман кылып жаткан байкебизге табыштап, «Шаарга салып ийиңиз» деп, өзү шашып кетти. Биз конок болуп, анан үйдү көздөй балдарым менен Кызыл-Суу айылынан таксиге отуруп жөнөдүк. Сүйлөшүп жатып, Караколго да кирип келдик. Үйгө жетип, оокат жүктөрүбүздү түшүрүп, такси айдаган байке жылып кеткен. Анан эле сумкамды таппай калдым. Анын ичинде баары бар эле, үйдүн ачкычынан документиме чейин. «Балдарымды туруп тургула» деп таксинин артынын кыйкырып жөнөдүм. Ал укмак беле, айдаган боюнча кетип калды. Ушунча жаман болдум, эми ал убактагы оюмду айтыш кыйын. Ошондо сыртта турган балдарымды карап, «Эми кантип үйгө кирем, ушунтип балдарым менен сыртта каламбы?» деп ыйлап да жибердим. Анткени балдар кичине эле, чыйпылдап, «Апа эмне болду» дейт. Анан эле бир кезде баякы издеп жаткан сумкамды кызым көтөрүп, подъездден чыгып келе жатат, «Апа болбойсузбу» деп. Ошондо же ыйлай албай же күлө албай отуруп калганым эсимден кетпейт. Негизи балдарым менен андай кызыктуу эстен кеткис окуялар көп, бирок бул ошолордун арасынан бир эле көз ирмем», — деди.

Ар бир баласынын өзүнүн талантына, жөндөмүнө жараша багыт берип, кийинки келечегине кам көрсөм деп келет.

«Улуу кызыбыз Самира азыр 10-класста окуп жатат. Буйрса медицина тармагына кызыгып, стоматология жагына тапшырам деп жүрөт. Ал эми экинчи кызым кичинесинен прокурор болом дейт. Өзү дагы кыйын сүйлөп, сөз байлыгы күчтүү. Анын үстүнө Казакстанда болгон окуя (прокурор Айжан Аймаганова) дагы өтө таасирин тийгизип жатат окшойт. Үчүнчү кызым Мээрим абдан тамак аш жана кулинария жагына шыктуу кыз. Кичүүлөрү азыркы учурда балалык ойлору менен, биз кичинебизде дүкөнчү, милицонер болобуз дегендей кыялдарда жүрүшөт. Убагы келгенде өзүлөрүнө ылайык кесип тандайт деген ниеттебиз.

Мен өзүм кичине кезимде чоң апамдын колунда өскөм. Чоң апам 14 бала төрөгөн экен. Мүмкүн мен апамдын кызы болгондуктан, көп балалуу болдумго деп ойлоп кетем. Кайнатам азыркы учурда «Биздин тукумда биринчи баатыр энесиң» деп айтып калат. Бул мен үчүн сыймык», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️