Жети-Өгүздө мамлекеттик катчынын катышуусунда «Санжыра» тарых музейи ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында Кален Жетимишбаев атындагы «Санжыра» тарыхый мекен таануу музейи ачылды.

  • Аталган музей 2023-2024-жылдары өлкө башчысынын колдоосу менен толугу менен реконструкцияланды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 1991-жылы райондук деңгээлде ачылган музейге 1993-жылы Кален Жетимишбаевдин ысымы ыйгарылган. Учурда музейде 5937 даана экспонат бар. Алардын ичинде негизги фонд 3693 даананы түзөт. Булардын катарында 202 санжыра, тарыхый инсандар жөнүндө китепчелер бар.

Ачылыш аземге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, тарыхчылар жана тиешелүү жетекчилер катышты. Мамлекеттик катчы музей нарк куржундуу санжыра борбору экенин белгиледи.

Музейдин директору Мурат Жетимишбаев алдыда санариптик ыкмага өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️