Жети-Өгүздө 9 жаштагы кыз зордукталганы айтылган соң, анын айылдаштары кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Барскоон айылында 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 9-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын 1979-жылы туулган тургуну О.М. арыз менен кайрылган. Ошол күнү саат 11:30 чамасында анын 9 жаштагы кызы эки жигит тарабынан зордукталып, ур-токмокко алынганын айткан.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБи тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Барскоон айылынын 2005-жылы туулган тургуну Э.Э. жана 1999-жылы туулган тургуну О.А. болгон.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Пример HTML-страницы

Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️