Жети-Өгүздүн Тилекмат айылында 73 млн 531 миң сомго курулган бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 15-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында бала бакча пайдалнууга берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, бала бакча «Бактылуу балалык» деп аталып, ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен өттү.

Эки кабаттан турган 100 орундуу бала бакча заманбап курулган. Оргочор айыл аймагынын жер тилкеси берилип, республикалык бюджеттен 73 млн 531 миң сом бөлүнгөн. Ал эми имараттын курулуш иштерин «Сириус Строй» жоопкерчилиги чектелген ишканасы аткарып, бир жылдан ашык убакытта пайдаланууга берилди.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сириус Строй» ЖЧКсы 2021-жылдын 11-октябрь күнү кайра каттоодон өткөн. Директору Гупуров Бекмамат Сыдыкбекович. Ишмердүүлүгү — турак жай жана турак эмес жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️