«Жети-Өгүз» курортундагы бир күндүк эс алуу канча сом болот?

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Жети-Өгүз» курортуна келген эс алуучулардын саны күндөн-күнгө арбып жатат. Алар көбүнчө конок үйлөрдө болуп, бээнин сүтү менен дарыланышууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз курортундагы бааларды билип көрдү.

Кооздугу жагынан четтен келген эс алуучуларды өзүнө тартып турган курорт союз маалында Азиядагы көрүнүктүү эс алуу жайы катары таанымал болгон. Кийин союз ыдыраганы мындагы жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрү жер маселеси болуп, курорт да туруктуу иштебей, оңдоого муктаж экенин айтып, жогору жакка бир нече жолу кайрылышкан. Ал кезде боз үй жана конок күткөн үйлөр жокко эсе болгон.

Соңку 5 жылда бул жакта төө туризми өнүгүп, капчыгайдын оозунан баштап боз үйлөр тигилип, мейман күтүшөт. Анда жергиликтүү тургундар жылдык кирешесин топтоп алышат.

Конок үйлөрдүн баалары бир күнгө 500 сомдон 2000 сомго чейин. Бул баа тамак-аш жана түзүлгөн шарттарга жараша коюлат.

Көпчүлүк эс алуучулар курортко май айынын ортосунан тартып келе башташат. Анткени ошол кездеги бээнин сүтү ден соолукка абдан пайдалуу келет. Бээ сүтүнүн баасы быйыл 250 сомдон башталды. Болжол менен бир адамдын эс алуусуна күнүгө тамагы менен 2000 сомго чейин каражат кетет. Мындан тышкары эс алуучулар ысык сууга түшүп, ар кандай процедураларды алышат.

Пример HTML-страницы

Курорт буга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагында болсо. Учурда президенттин жеке көзөмөлү менен мамлекеттин карамагына өтүп, жаңы долбоордун негизинде толук оңдоолору күтүлүүдө.

Буга чейин Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев баштаган делегация курорттун абалы менен таанышты. Учурда курортту президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү процесси жүрүп жатат. Мурда ал Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу мекеме болгон.

2023-жылы президент Садыр Жапаров объекттерди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн башкармалыктын карамагына өткөрүү тапшырмасын берген.

——————

«Жети-Өгүз» курорту — Ысык-Көл облусун Жети-Өгүз районундагы климаттык-бальнеологиялык курорт. Каракол шаарынан 28 км түштүк-батыш жана Ысык-Көлдөн 30 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун Түндүк капталындагы Жети-Өгүз капчыгайынын карагай токойлуу кооз жеринде, деңиз деңгээлинен 2200-2400 метр бийиктикте жайгашкан.

Жайы мелүүн, июль айынын орточо температурасы 15°С, кышы да мелүүн, кар көп түшөт, январь айынын орточо температурасы -9°С. Жылдын орточо жаан-чачыны 500 мм чамасында, чөйрөнүн орточо нымдуулугу 65%.

Мындагы минералдуу ысык (41°С) булактардын дарылык касиеттери жергиликтүү элге байыртан белгилүү болгон. 1910-жылы атайы үй курулуп, жыгач ванналар пайдаланылган. 1931-жылдан курорт куруу колго алынып, 1940-жылы эки имараты пайдаланылууга берилген. Дарылоо радондуу, хлорид натрий-кальцийлүү жана азоттуу ысык булак сууларынын ванна жана бассейндерине түшүрүү, ошондой эле тоо климатынын таасирин тийгизүү менен жүргүзүлөт. Ванна, душ, денени чайкоо жана ичүү аркылуу муун, ичеги-карын, боор, нерв жана дем алуу системаларынын, гинеколия жана кээ бир тери ооруларын дарылайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️