Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө волейбол жана шахмат боюнча турнир өтүп, Ысык-Көл ОИИБдин ардагерлери министрдин кубогун жеңип алды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын ардагерлеринин арасында волейбол жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.

Иш-чара кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналды. Волейбол боюнча мелдешке 8 команда катышты. Ардагерлер шахмат боюнча да күч сынашты.

Катышуучулар төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:

— «Мыкты либеро»;

— «Мыкты чабуулчу»;

— «Мыкты кабыл алуучу»;

— «Мыкты коргоочу»;

— «Эң мыкты берүүчү».

Ысык-Көл ОИИБдин ардагерлер командасына 1-орун үчүн Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын кубогу тапшырылды. Экинчи орунду Тоң районунун ардагерлер курама командасы ээледи. 3-орунга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын ардагерлер командасы, 4-орунга Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер командасы ээ болушту.

Бардык жеңүүчүлөр медаль, ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE