Жети-Өгүздө таштанды топтоочу жайлар талапка жооп бербери айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда таштанды топтоочу жайлар талапка жооп бербейт. Бул тууралуу облус башчысы Уланбек Далиев 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтты.

«Таштанды жайларды ачып койдуңар. Ал жакта абал оор. Башка айыл өкмөттөр же райондор менен сүйлөшүп ташыгыла да. Эс алуучулардын саны өсүп жатат. Дем алыш күндөрү көзөмөлгө алгыла», — деди У.Далиев.

Жети-Өгүз районун акиминин орун басары Кадырбек Адиев билдиргендей, райондо эки талапка жооп берген таштанды жайы бар. Көтөрүлүп жаткан маселе боюнча жеринде иш алып барарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️