Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айыл аймагында 5 иш-чара уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагында 5 иш-чара уюштурулду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, анда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, «Коммунизим» колхозунун башчысы А.Т.Юматовага 100 жыл, ⁠райондук «Жети-Өгүз жаңылыгы» гезитине 90 жыл, 7-ноябрь — Басма сөз күнү, ⁠7-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Иш-чаранын негизги максаты — өткөн тарыхты эстеп, ата-баба баскан жолду кийинки муунга жеткирүү. Анда айыл-чарба көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, социалисттик эмгектин баатыры А.Т.Юматованын сүрөттөрү жана гезитинин тиркемелери камтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️