Turmush — Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы 40 мектепте 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 2023-2024-окуу жылы район боюнча 11-классты 988 бүтүрүүчү аяктап, жалпы республикалык тестирлөөгө 789 окуучу катышкан.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эрмек Бахавадинов ЖРТдан район боюнча эң жогорку (223) упай алган Ак-Терек айылынын Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Сезим Абдрахманованы куттуктап, ата-энесине ыраазычылык кат жана белектерди тапшырды. Ошондой эле айыл өкмөт башчысы жана жеке ишкер тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.
Быйылкы 2023-2024-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча 200дөн жогору упай алган бүтүрүүчүлөрдүн саны 10 болду. Алар:
1. Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Абдрахманова Сезим — 223 упай;
2. Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Орузбаева Нават — 202 упай;
3. М.Тынаев атындагы Оргочор орто мектебинин бүтүрүүчүсү Борколдоева Сайкал 204 упай;
4. М.Тынаев атындагы Оргочор орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кыдырмышева Айдай — 203 упай;
5. С.Сыдыков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Октябрев Кайрат— 218 упай;
6. С.Абдракманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ботов Ярослав — 211 упай;
7 . С.Абдракманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Сурабаев Жандос — 204 упай;
8. С.Абдракманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Султанов Тимур — 201 упай;
9. Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү Барскоон орто мектебинин мурунку бүтүрүүчүсү Такенов Айдар — 222 упай;
10. Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү Барскоон орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ниязбекова Гулназ — 201 упай.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.