Жети-Өгүздүн Кабак айылындагы мектеп 6 жылдан бери бүткөрүлбөй жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кабак айылында мектептин курулушу бүткөрүлбөй, жергиликтүү тургундар нааразы болушууда.

Алардын айтымында, айылдагы мектептин курулушу 2018-жылдын декабрь айында башталган.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, «Энтерстрой» ЖЧКсы тарабынан курулуш иштери жүргөн. 275 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат.

75 млн сом менен тендерге киргизилип, 49 млн сом менен утуп алган. Дагы кошумча 7 млн сом каралып, бирок иш толугу менен бүткөрүлгөн эмес.

Мындан улам айыл эли нааразычылыктарын айтып, тиешелүү мекемелерге кайрылууга аргасыз болуп жатышат.

Пример HTML-страницы

«Энтерстрой» ЖЧКсынын директору катары Орозбаев Таалайбек Айтбаевич көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 7-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясына №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн арыз берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️