Жети-Өгүздүн Жеңиш айылында ФАПтын жаңы имараты 2 млн сомго курулду

TurmushЖети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имараты ачылып, ишке берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл өкмөт башчысы Алгабас Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ФАП мектептин эски имаратында жайгашкан.

«Ал жактагы имараттын эскилиги жеткен соң жаңы эмкана куруу зарылдыгы келип чыккан. Мындан улам айыл активинин демилгеси менен эл аралык демөөрчүлөрдү таап, 2 млн сомдон ашуун каражатка заман талабына ылайык эмкана курулду. Алдыда айылда дагы ишке ашырылуучу бир катар пландар бар», — деди ал.

ФАПтын ачылышында анын аймагына бак тигилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️