Жети-Өгүздүн Барскоон айылында өзгөчө мечит пайда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында маркум Жылдызбек Желденбаевдин уул-кыздары атасынын жылдыгына карата мечит куруп беришти. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Бакыт Асанов билдирди.

«Маркум Жылдызбек аганын балдары өз демилгелери менен жер тилкесин сатып алышып, боз үй үлгүсүндөгү мечит курушту», — деди ал.

Жергиликтүү тургундар белгилегендей, мечит кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнө төп келип, бардык шарттары менен курулган. Анын курулушуна жалпы 2 миллион сом каражат сарпталганы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️