Жети-Өгүз көлгө чөгүп жаткан 2 кыз куткарылып, оор абалда ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 5-июль күнү Жети-Өгүз районунун Липенка айылында көлгө чөгүп жаткан 2 кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп жаткан кыздардын көрүп, катер менен барып куткарып, ӨКМдин куткаруучуларына кабарлашкан. Ал жерге куткаруучулар барып, кыздарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Кыздар облустук ооруканага жеткирилип, абалдары оор экени айтылууда.

Куткарылган кыздар:

— А. Б. 2000-жылы туулган;

— А. А. 2000-жылы туулган.

Пример HTML-страницы

Кийинчерээк кыздар ооруканага саат 13:00 чамасында жеткирилгендиги белгилүү болду. Алардын бири реанимацияда, экинчи кабыл алуу бөлүмүндө болгон. Андан кийин үйлөрүнө кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️