Пример HTML-страницы

Жети-Ɵгүздөгү мектептин спорт залынын чатыры кайрадан жараксыз абалга кептелди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Ɵгүз районунун Жети-Ɵгүз айылында катуу шамалдан улам мектептин спорт залынын чатыры кайрадан жабыркады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-май күнү саат 18:00-20:00 чамасында катталган катуу шамалдан улам Д.Иманов атындагы орто мектебинин спорт залынын чатыры ордунан 1 метр аралыка жылып кетти. Жерине тактоо иштерине Жети-Өгүз райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган, жабыркагандар жок.

Бүгүн, 27-майда аталган спорт залдын чатырын жарандык коргоо комиссиясы жеринде карап чыкты.

Мектеп жетекчилигин айтымында, мектеп спорт залы менен 1987-жылы курулган. Башында чатыры жок болгон. Анын кызмат кылуу мөөнөтү бүткөндө чатыр болуп жабылган. Буга чейин жабылган шифер, кийинки темир да катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган.

Аталган мектепте жалпы 1224 бала билим алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE