Жети-Өгүздүн эки айылында таза суу чыгарылды

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы эки айылга таза суу берилди. Бул тууралу Тамга айыл аймагынын башчысы Адилет Дүйшөнбиев билдирди.

Анын айтымында, таза суу системасы Тосор айылына 2019-жылы тартылган. Жалпы 23 273 268 миллион сом сарпталып, 2700 түтүн таза суу менен камсыздалган. Ал эми Тамга айылына сарпталган каражат 46 077 000 сомду түздү.

Учурда райондогу эки айылга таза суу тартылып, жергиликтүү бийликтин жана тургундардын катышуусунда пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️