Жерине 300дөн ашык адам тартылды. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокен жана Базар-Коргон райондорунда катталган сел кырсыгынын кесепеттери жоюлуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июнда саат 17:00 чамасында Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тоолуу аймактарына жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттордон топтолгон сел Шайдан-Сай сайы аркылуу агып, Ноокен районунун Д.Садырбаев жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Шайдан-Сай сайына жакын жайгашкан турак жайларга сел кирип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылды. Жарандык коргоо кызматтары менен биргеликте ыкчам чаралар кабыл алынып, жаралган кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө.

Селдин кесепеттерин жоюуга райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 300дөн ашуун кызматкер жана 14 оор инженердик техника, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 35 куткаруучу тартылып, сел каптаган 3 социалдык объекттин жана 50 үйдүн короо-жайы тазаланууда.

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закиров координациялоо жана кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлгө алды. Мындан сырткары тез жардам жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы тарабынан жергиликтүү тургундардын саламаттыгы көзөмөлгө алынып жатат.

Пример HTML-страницы
  • Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү лжаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️