Жерүй кенин аймагындагы дарыяларын балыктандыруу иши оң натыйжа берди

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 26 августунда Талас облусунун аң уулоочулар жана балыкчылар коомунун адистери Жерүй кенинин аймагындагы Чоң-Чычкан дарыясынан биринчи Севан форелин кармашты.

Бул тарыхый окуя, анткени тиешелүү органдардын маалыматында бул дарыяда жана анын куймалары Жерүй жана Түз-Ашуу суусунда балыктын жок болгонуна ондогон жылдар болгон.

  • Бул Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен 2022-жылы жүргүзүлгөн дарыяны балык менен толуктоо иши ийгиликтүү өткөндүгүнөн кабар берет.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын апрель айында «Альянс Алтын» компаниясы Улуттук илимдер академиясынын биология институту менен биргеликте Чоң-Чычкан дарыясын жана анын куймаларын гидробиологиялык жана гидрохимиялык изилдөөдөн өткөргөн.

Ошондо анализ көрсөткөндөй, суу чөйрөсүнүн абиотикалык жана биотикалык факторлору лосось тибиндеги балыктарга жана башка гидробионтторго жашоого ылайыктуу болгон. Башкача айтканда, дарыя суусунун тазалыгы лабораториялык жактан далилденген.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Гегаркуни форелин (Севан форели) дарыяга коё берүү чечими кабыл алынган, анткени бул балык суу чөйрөсүнүн булганышын көрсөткөн ишенимдүү индикатор болуп саналат жана суу экосистемаларынын экологиялык абалын көзөмөлдөө үчүн ылайыктуу.

Пример HTML-страницы

Балыктын чабактары Ысык-Көл облусунан алынып келинген. Алардын Жерүй кенинин аймагынан өткөн дарыяларда жашап кетиши, компаниянын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен жүргүзүлүп жаткандыгын далилдеп турат.

Белгилеп кетсек, Жерүй кенинин аймагында аңчылык кылууга жана балык уулоого тыюу салынган. Мындан тышкары «Альянс Алтын» компаниясы экологиялык жоопкерчиликтин алкагында табигый экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча туруктуу иш-чараларды жүргүзүп келет. Ошентип, 2022-жылы дарыяларды балык менен толуктоодон тышкары компания Жерүй суусунун жээгиндеги токойлорго кыргоолдорду кое беришсе, Алтайдан атайын алынып келинген маралдар бүгүнкү кундө көбөйүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️