Жазы-Кечүү айылындагы мектеп селден кийин авариялык абалга кептелген. Жаңы имарат 59,7 млн сомго курулууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айылындагы орто мектептин жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Аталган мектептин жаңы имаратынын курулушу 2023-2024-окуу жылында башталып, имарат 150 орунга ылайыкталып, эки кабаттуу болуп курулууда. «Гигант-Строй Компани» жоопкерчилиги чектелген коому тендерден 59 млн 724 миң 238 сомго утуп алган. Өткөн жылдын ноябрь айында имараттын пайдубалы түптөлгөн. Быйыл апрель айынан тарта кыш коюлуп, биринчи кабаты бүткөрүлүп, экинчи кабаты көтөрүлүп жатат.

2012-жылы каттуу жааган жамгырдан кийин мектепке сел суулары кирип, полу чирип, 2019-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык типтеги мектеп деген корутунду чыгарган.

Аталган мектеп 1997-жылы декабрь айында 120 орундуу Чкалов атындагы мектеп болуп колдонууга берилген. Учурда Туралы Темиров атындагы №6 жалпы мектеп катары иштеп, 220 бала окуп, 20 мугалим эмгектенип жатат.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Гигант-Строй Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү Арстанакун уулу Абдыганы. Компания 2016-жылы 8-июлда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️