Жазгы аткан таң менен баткан күн. Сүрөт

TurmushЖаратылыш сүйүүчү, мергенчи-спортчу Руслан Гайфулин Чүй облусунда аткан таң менен баткан күндү сүрөткө тартып алды.

«Өрдөккө аңчылык кылуу — бул олжого ээ болуу гана эмес, жаратылышка байкоо салуу, таң калыштуу жаратылыш кубулуштарына ой жүгүртүү, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна суктануу», — дейт Руслан.

«Мен үчүн шаар тургуну катары жазгы ууга чыгуу, күн чыкканда тиешелүү жерде болуу үчүн караңгыда туруу адаттан тыш көрүнүш. Бирок күндүн чыгышы же батышы эч кимди кайдыгер калтырбайт жана бул бардык ыңгайсыздыктарды толугу менен компенсациялайт.

Күн чыгат же батат, анын нурлары суунун бетин жарыктандырат. Ал чоң күзгүдөй болуп, курчап турган жаратылыштын бардык кооздугун өзүнө сиңирип, кайра чагылдырат. Өрдөк жок болсо да, күндүн нурлары менен жарыктанган жаратылыш жөн гана керемет. Аңчылыктан мен олжодон башка да жакшы маанай алып келем», — деди Гайфулин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️