Пример HTML-страницы

Жашоочулар үчүн 18 чатыр тигилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда жер көчкү жүргөн аймактагы жашоочулар үчүн чатырлар тигилди.

Аталган айыл өкмөттөн билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө айыл өкмөттүн бюджетинен азык-түлүк алынып, таратылат.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесине 18 чатыр орнотулду. 15 куткаруучу тартылып, чатырлар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы тартылды.

Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Карл Маркс айылында I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланган

ӨКМдин маалыматы боюнча, 22-март күнү саат 05:00 чамасында Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күнгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн. Аталган тилкеде 18 турак үйгө коркунуч пайда болгон. Ал эми 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлгөн.

Буга чейин ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы, майор Нурлан Кулмаматов билдиргендей, учурда жер көчкүнүн жашоочулардын өмүрүнө зыяны жок.

«Казык каккам. 21 мүнөттө жер көчкү 1 метрге жылды. Өзүм байкоо жүргүздүм. Учурда жарандардын бардыгы чыгып кетти», — деген ал.

ӨКМдин Кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин мониторинг бөлүмүнүн башчысы Марат Аблазизовдун маалыматы боюнча, 2017-жылы жер көчкү активдешип баштаган.

«Учурда 800 метр аралыкка жылды. Турак жайлардын жетүүсүнө 50-60 метр аралык калды. Жер көчкү дагы канча күн жылары белгисиз. Себеби буга көптөгөн факторлор таасир берет. Массасын болжолдуу 1 млн куб деп жатабыз. Масса мындан дагы көбөйүп кетиши мүмкүн. Себеби 20 метрлик жар пайда болду. Анын айланасында майда жаракалар да бар. Ал жаракаларадан дагы канчалык деңээлде жер кыртышы көчөт, дагы канчалык аралыкка чоюулары белгисиз.

Карл-Маркс айылынын башчысы Кудайберди Амировдун айтымында, жашоочуларды табигый кырсыктан сактоо үчүн штаб түзүлүп жатат. ӨКМден 18 чатыр алынып келет.

«Таза суу чыгып жатат. Эми электр жарыгы тартылат», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE