Жашоо турмуш ушул экен.

https://kyrgyzcha.site/?p=62675&preview=true Кызыктуу окуялар.

Балкондо отурам, тээ алысты караганым менен ойум артта калган бактылуу күндөрдү барактап, ар бир мүнөтү алтынга барабар болгон күндөрдү көз алдыман өткөрүп отурдум.

Бирөөнүн кайгысына кайгырганың менен унутуп каласың, өз башыңа келгенде гана сезет экенсиң. Келинчегим каза болгонуна 3жыл болсо да, унута албай куса болуп келем. Күндө жумуштан чыкканда жүздү басып алмай болдум. Ичке киргенде баарын унутуп ичимди ысытып магдыратып койот, же болбосо тескерисинче өткөн кеткенди эстетип ыйлап калам. Башында досторум көңүл айтып мени жоошутуп жанымда жүрүшчү эле, азыр болсо дагы башталды деп качып жөнөшөт. Келинчегим экөөбүз студент кезде эле «окууңарды бүткүлө» десе болбой үйлөнүп алдык. Удаа эки уулдуу болдук чынында аябай кыйналдык. Газы бар үйдө батирде жашайбыз, келинчегим аябай бышык эле, нан жаап дүкөнгө өткөрөбүз. Акчалуу болуп жакшы жашап калдык. Окууну бүттүк.

 

Гүлүмдүн жездеси Якутияга иштегени кетти,бизди да чакырды. Гүлүм дароо макул болду, мен кандай болот деп кетенчиктедим. Балдарды апама таштап кеттик. Бир аз акчага товар алып кеткенбиз, барып эле келинчегим базарга чыгып кетти. Эл менен кыйын тил табышчу, жакшы болуп бир айда үч жолу таварга акча салып калдык. Базардан үч орун алып кыздарды ишке алдык, кудайга шүгүр акча таап калдык. Убакыт бат өтүптүр 3жылда келип үй алдык да дагы бир жыл иштеп келели деп кетип калдык. Келинчегим үчүнчү уулумду төрөп берди. Ишибиз жүрүп жатты. Ата — Энеме бир туугандарга, жакшы эле жардам бердик. Акча көп болсо аныда көтөргөн киши көтөрөт экен, менин көзүмдү май басты, кутуруп көп басчу болдум, ойнош күттүм. Келинчегим билип калып уруш болду, бирок иши көп болгонго көзөмөлдөй алган жок. Ал келиндин бойуна бүтүп калды. Андан кантип кутулуш керек деп кача баштадым, аңгыча баламдын окуусу бүтүп Кыргызстанга кетип калдык. Келинчегим, балдарым болуп көлгө аябай түштүк, сонун эс алдык. Бирок келинчегим табарсыгым ооруп жатат деп калып жатты.

Бишкеке барсак көрүн деп сүйлөшкөнбүз. Агамдын кызы күйөөгө кетип катышып кеткиле деп калды. Ачык мүнөз келинчегим Күкүш тойдун көркү болду, ырдатып, бийлетип, күлдүрүп жүрдү. Өзү да шайдоот бийлечү, баарын ортого чакырып бийлеп жатканы азыр да көз алдымда. Той болот, тойдун эртеси болот дегендей той бүттү. Эртеси келинчегим ичим деп онтоп жатып калды, тез жардам чакырып алып барсак, тезинен шаарга деди. Шаарга келип эле алып кирип кетишти, 4саат операция болду. Миомасы жарылып 4саат болду. Көрсө күнгө какталып, сууга түшүп, тойдо да бийлегени ашыкча болгон экен. Аман эсен чыкты деп түлөө кылып жатканда, эти ысып кайра жаткырдык.

Гүлгө окшоп соолуп бара жатты, кайра шаарга алып жөнөдүм. Акчанын көзүнө карабай жан далбас уруп, алып келүүнүн аракетин жасап жаттык. Канына өтүп кетти деп чыгарышты. Болгон дарысын таап келип берип жаттым. Эртең менен палатага кирсем көздөрү жайнап, күлүп жатса көңүлүм тынчый түштү. Жанына отурсам колуман кармап алып, балдарды кайсы окууга окуталы? — деп сөз баштады. Экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук да мен баламын окуусун билгени кеттим. Окуу жайларды кыдырып жүрдүм. Политехтин ичинде жүрсөм баламдан кайра кайра коңгуроо келди чыгып чалам деп жооп берип өчүрүп салдым. Чыгып чалсам балам буулуккан үнү менен » тез келиңиз апамды жандандыруу бөлмөсүнө алып кирип кетти» деди. Башыма муздак суу куйуп жибергендей эле болдум. Тизем калчылдап машинени айдай албай калдым. Бир чети азыр эле сүйлөшүп отурбадым беле деп ишене албай кеттим. Мен барсам Күкүшүм кете бериптир, көрсө өзүн колго алып денесин түздөгөн тура алтыным . Айтып жаткандары баары керез турбайбы, мен аны түшүнбөй эле биринчи өзүң жакшы болуп кет деп койгом. Кичүү балам өпкө өпкөсүнө батпай ыйлап жатты, өзүм бир жакта, балдарым бир жакта томсоруп кала бердик. Достун баркы ушундайда билинет экен, достор келип Күкүшүмдү ак кийизге ороп үйгө алып жөнөдүк. Кайненем 83тө эле жер чапчып ыйласа жанында тура албайсың. Күкүшүмдү кара жердин кучагына берип, балдарым менен кайыкты узаткандай томсоруп калып калдык. Кыркын өткөрүп кичүү баламды алып учуп кеттим. Биринчи күндөрү аябай эле жаман болуп жүрдүк, мен жумуш менен алаксып кетем. Балам болсо өзү калып апасынын сүрөтүн, буюмун карап ыйлай берет экен. Ага көрсөтпөй акырындан катып койуп жүрдүм. «Өлгөндүн өз шору» дегендей тирүүнүн күнү өтө берет тура, билинбей бир жыл өтүптүр, баламды алып барып келдим. Апамда бизди айап, үйлөн балаң экөөңө оор эле болот деп кеңеш айтты. Уккум да келген жок. Эстелигине буйуртма бергем, туулган күнүндө гүл кармап түшкөн сүрөтүн бергем, ошону бүтүрүп койуп кетмекмин. Өзү да гүлгө окшоп бажырайып түшкөн эле. Көргөн сайын жүрөк тилинет, каңырыгым түтөп күндө мүрзөсүнө келип боздоп ыйлап алам. Эстелиги бүттү. Койгон күнү келсем, элеси таш болуп катып калган, көздөрүндө күлүп турса да нур жок. . Өзүмдү кармай албай тизелеп отуруп алып бакырып ыйлап алдым, мени көргөн уулум да ыйлап алган чачтары сербейип мени эле карайт боорум ооруду. Ушу балдарыма кайрат айтып тургандын ордуна өзүмдү таштап жибердим. Ашын өткөрдүк, эстелигин койдум андан ары жол жоктой болдум. Көңүл айткан достор менен иче баштадым, туугандар үйлөнтүп койолу деп, кыз-келиндерге тааныштыра башташты. Көңүлүм жок экенин апам байкап жаныма отуруп «үйлөн аял киши күрп тооктой болуп, канатына калкалап балдарын багып кетет, эркеке кыйын эле болот жакшыраак бирөө болсо үйлөн» деди.Бир жеңемдин бөлөсү болот экен, мурда турмушка чыгып төрөбөй ажырашыптыр. Менден 16жаш кичуу. Кайненеме барып уруксат сурадым. Бир сыйра ыйлап алды да бирөө өлбөсө, бирөөнүн багы ачылбайт деп батасын берип кала берди. Никемди кыйдырып балам, мен, келинчегим болуп учуп кеттим. Жумуштан келсем үй жыйналуу, тамак даяр аял кишинин куту башкача тура. Баары жайына келгендей, бирок балам менен келинчегим үйдө өз ара урушуп жүрүшүптүр. Мен эрте кетип кеч келип маани бербей жүрүптүрмүн. Бир күнү келсем балам сумкасын алып досунукуна баратам деди. Мен мейли деп койдум, мурда да барып жатып келчү, эртеси келбептир. Чалсам «барбайм аялың менен жашай бер» дейт. Эмне дээримди билбей калдым, барып алып келе жатып, сурасам өгөй апасын аябай жамандады. Үйгө келип үчөөбүз отуруп сүйлөшөлү десем, биринин сөзүн бири укпайт. Ортодо жаман болдум, балам да орусча окуп орус мүнөз ачык эле «кетир» деп туруп алды. Мен болсо көнүп алдым. Кимисине тартарымды билбей жумушта кечке ойлонуп жүрдүм, кечинде кайра эле баягы жүз грамга кирдим. Келинчегимди алдайм ал бала алдап кой деп, балама болсо сен жакшы деп кой мен сени жакшы көрөм дейм, ачыгы чайналдым. Алардын урушун укпас үчүн, күндө ичип келип жатып алам. Мен киргенде аялым да балам да кебетемди карайт. Балам өспүрүм болуп мени аялыман кызганат, аялым баламан кызганат. Баягы бойунда болуп калган келинди таппай калдым, сураштырып отуруп телефонун алдым. Эркек төрөптүр, баланы өзүм үчүн төрөп алдым, мага жолтоо болбо, жакында турмушка чыгам деди. Эмне дей алам, дагы бир балам бар экен деп кала бердим. Күкүштүн ташка түшкөн элеси көз алдыма келип, тамекини дембе дем соруп отурдум. Көздүн тирүүсүндө сыйлашып өтөлү дегендин төркүнүн эми түшүндүм. Ушунча эмгек кылып, балдарды чоңойтуп, үй алып, машине алып, чакан бизнес кылып алып жемишинен ооз тийбей кете бергенин эстесем эч нерсе кылбай жер кезип кетким келет. Бирок артымда уч уулум бар бутуна тургузуп үйлөнтүп койсом, келинчегимдин алдында ак болом. Экинчи келинчегимдин сулуулугуна, жаштыгына азгырылып алып алдым ата -энесине кор кылбайм деп алып эми ажырашыш кыйын болуп жатат. Досторум тамашалап жаш аяш деп калышат, сыртыман бактылуу болуп жүргөнүм менен ичим де ит өлүп жатканын кимге айтам. Айла жок жашап келем, жакшылыктан үмүт үзбөй жашайынчы. Эркектерге колдогу алтындын баркын билгиле демекмин. Аял заты өзүңөрдү карап ден соолукта болгула үйдүн куту силерсинер, силер жок үй караңгы бар болгула аял заты.

Пример HTML-страницы

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️