Жарылуу болгон «Байкөл» коомдук мончосунун ордуна эмне ачылат?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Көкүм бий көчөсүндө жайгашкан мурунку «Байкөл» коомдук мончосунун имараты оңдолуп жатат. Буга чейин мончодо жарылуу болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, эми ал бала бакча катары пайдаланууга берилет.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мурдагы мончонун имараты эки кабаттан турат. Бүгүнкү күндө анын ички бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Сырткы көрүнүшү бала бакчага ылайыкташтырылып жасалган.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматовдун айтымында, алгач документтерди даярдоо керек.

«Долбоордук эсептөө документтерин даярдап, профилин бала бакчага өзгөртүп, уруксат кагаздарын алуу зарыл. Андан кийин бала бакча кылса болот. Дароо эле документсиз профилдерин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк жок. Эгерде архитектурадан уруксат кагаздарын албаса, бала бакча болуп иштебеш керек», — деди Суракматов.

Пример HTML-страницы

Ал жарылуудан кийин бул имараттын техникалык коопсуздугун текшерүүгө уруксат жок экенин кошумчалады. Анткени президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 9-январындагы №1 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» жарлыгына ылайык, бул бала бакчанын курулушун текшерүүгө мыйзам жол бербейт.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын басма сөз кызматы мурунку «Байкөл» мончосун пайдалануу боюнча профилин өзгөртүү жөнүндө эч кандай документтер берилбегенин билдирди.

——————————————————

Turmush 2024-жылдын 5-июнунда Ош шаарындагы «Байкөл» мончосунун от казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыкканын жазган.

Маалыматка караганда, суусу жок кезде от жагылып, жогорку ысыктыкта от казаны жарылган. Жарылуунун толкунунан коңшу жайгашкан айрым имараттардын айнектери да сынган.

Ал эми Ош шаардык ооруканасынан 6 адам ар түрдүү жаракаттар менен түшкөнүн билдиришкен. Алардын үчөө аял, үчөө эркек киши. 5 адам амбулатордук жардам алган соң үйлөрүнө чыгарылган. Бир адам кечиктирилгис жардам бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️