Пример HTML-страницы

Жардам берүү үчүн тик учак жөнөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-июнда саат 16:30 чамасында Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын кесепетинен ВЛ-10 кВ Абшыр, ПС Кок-Жар 4 даана СВ-110 мамычасын сел алып кеткен. 2 даана СВ-110 мамычасы сынып кетти. Аба чубалгынын узундугу 400 метрти түзөт. ВЛ-6 кВ Абшыр-Ата, ПС 35/6 кВ Абшыр аба чубалгысы боюнча Турбаза тараптын жолу жабык болгондуктан тактоо иштери улантылууда. Техникалар учурда жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жалпысынан селдин кесепетинен 2771 абонент жарыксыз калууда. Жеринде жол ачык болгон айылдарда Ноокат РЭТнин электр куроочулары электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Ноокат районундагы кырдаалга байланыштуу Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда 29-июнь саат: 1:30да жыйын уюштуруп, учурдагы кырдаал талкууланды. Жыйынга «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженери Марат Раймалиев жана Ноокат РЭТинин башчысы Уланбек Мурзамудин уулу катышып, тишелүү тапшырмаларды алышты.

Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы учуп кетти. 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут жаап байланыштуу тик учактын учуусу токтотулган. Азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү.

Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган. Болжол менен 30-35 чакырым жерди шаркыратмадан тоону көздөй басып өтүшүп, 3 чакырым жерди суу алып кетип, ошол суудан өтүшкөн. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө албай калып калгандыгы аныкталган.

Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасына эс алууга чыгып, бери өтө албай калган жарандар аман-эсен экендигин билдирүүдө.

——————————————

Кечээ, 28-июнда Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында жүргөн селден кийин айыл тургундары 1 кыз жана 2 эркек баланын сөөгү табылган.

Маалыматка караганда, мерт болгондор өспүрүм курактагы балдар. Азырынча алардын өздүгү тактала элек. Жергиликтүүлөр табылган сөөктөрдү сел жүргөн сайга жакын жайгашкан үйлөргө убактылуу алып барып коюп жатышкан.

Каза болгондордун саны 5 адамдан ашканы айтылган.

Ноокаттын Көк-Жар айыл аймагынын Абшыр-Сай бөлүмүнүн Найман жаңы көпүрөсүн сел алып кеткен. Жүк ташуучу чоң автоунааларга сай тараптан жол салуу иштерине техника тартылган.

Абшыр-Ата эс алуу жайына баргандардын саны да көп болгон. Сел ошол аймакты каптап өткөн.

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Абшыр-Ата айылынын 1 даана ички чарбалык көпүрөнү, 1 даана ДЭП-37 ишканасына караштуу көпүрөнү, 10-Турак үйдүн коро сарайына, 10-15 РЭСке караштуу мамыларды сел суулары алып кеткен. Аталган аймакта жол эки тараптуу жабык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE