Жаракат алган 2 адам нейрохирургияда дарыланып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush13-июлда Жалал-Абад шаарында кисларод толтурулган баллон жарылган окуяда жаракат алган 5 адамдын экөө нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук биргелешкен бейтапканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдирди.

Анын айтымында, учурда алардын абалы туруктуу.

«13-июлда орун алган каргашадан биздин бейтапканага каза болгон 17 жаштагы кыздан сырткары 5 бейтап келген. Аларга ошол замат медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Ошол эле күнү 3 киши үйүнө чыгарылган. Ал эми 2 бейтап — 1997-жылы туулган О. М жана 1992-жылы туулган Т. кызы К. бейтапканынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган. Аларга дарыгерлер баш мээнин жабык травмасы, беттин жана жумшак ткандранын жаракаты деген диагноз койгон. Ушул тапта экөөнүн тең саламаттыгы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди дарыгер.

13-июль күнү Жалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып, адамдар жаракат алышканы кабарланган.

Пример HTML-страницы
  • Кийинчерээк жарылуудан жабыркаган жаш кыз каза болгону маалымдалган. Ооруканага жалпы 5 адам түшкөн.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуянын чоо-жайын сураштырган.

Калаанын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан «Тору» соода борборунун жанында соода кылган сатуучунун айтымында, жарылуу орун алган суусундук сатылган жайда орто жаштагы келин иштеп жүрчү.

«Кийин ал иштебей, анын ордуна жаш баласы бар аке келип, суу менен кошо гамбургер да сатып жүрдү. Ал киши да ордун тапшырып кетип, эч ким иштетпей калган. 2-3 күндөн бери жаш кыз келип, суу сатып жаткан. Өзүм уюлдук компаниялардын биринде сим-карта сатып иштейм. Эртең менен ишке келе жатканда ошол кыз күркөнү ачып, чаңдарын аарчып жаткан экен. Мага кардар келип, маалымат берип жаткам. Бир учурда жарылган каттуу дабыш чыкты. Чочуп карасам, газ баллон күркөнүн чатырын тешип чыгып, андан соң тушунда турган банкка урунуп, бурчта отурган күзөтчүгө тийиптир. Аңгыча эл чогулуп, бети-башы таанылгыс болгон кызды алып чыгышты. Артынан тез жардам менен өрт өчүрүүчү унаа да келди. Нес болуп, эмне болгонун түшүнбөй калдык. Каза болгон сатуучу кыз 17 жашта болгонун айтып жатышат», — деген күбө.

Бүгүн, 15-июлда жарылуудан кийин каза болгон кыздын өздүгү такталып, ал 17 жаштагы Зарина Кеңешова экени белгилүү болду. Ал кечээ, 14-июлда жерге берилди. Зарина Кеңешова Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 1-курсту аяктаган.

Жашы 80ден ашкан Ырыс Шамшиева маркум Заринанын чоң энеси. Ал небереси жайкы эс алууну жөн өткөрбөй, каражат таап, кийим алуу ниетин билдирип, ишке орношконуна 2-3 күн болгонун айтат.

«Зарина кичине кезинен эле зирек кыз эле. Атасы, апасы да мектепте мугалим болуп иштегендиктен англис тилин жакшы өздөштүрүп алган. Мектепти аяктагандан кийин да англис тили адистигине тапшырган болчу. ОшМУда 1-курсту аяктап, каникулга үйгө келген. Атасы Англияга сезондук жумуштарга деп кеткенине 20 күндөй убакыт болгон. Бир күнү кызым «иш таптым, газдалган суу сатат экенмин» деп келди. Укканда эле апасы экөөбүз каршы болдук. Зирек кызым «ата-энеме жардам болот, аз да болсо каражат тапсам, окуу башталганча кийим-кече кылым алам» деп көнбөй койду. Биз макул болуп, жумушка чыгып жатканына 2-3 күндөй эле убакыт болгон. Ошол күнү эртең менен шаарга кетчү маршурткага өзүм узатып чыккам. Кечке калбай келип калат десек жок. Аңгыча телефондорго видео келип калды, апасы таанып, неберемди мейитканадан таап келди. Кечээ атасына кабар берип, кызын жерге бердик. Бүгүн атасы Англиядан келип, эч нерсеге түшүнбөй, өзүн жоготуп отурат. Бизди ачуулантканы, ошол газдалган суусундук саткан жердин ээсинин келип койбогону. Бүгүн келиним укук коргоо органдарына арыз жазганы кетти», — деди Ырыс Шамшиева.

  • Зарина 5 бир туугандын улуусу болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️