Пример HTML-страницы

Жансыз денени кол араба менен эки күн сүйрөгөн кишилердин бири да каза болгон. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushПанфилов райондук соту адам өлүмүнө айыпталган 2 адамдын кылмыш иши боюнча материалдарды карап, 2023-жылдын 1-сентябрында өкүм кабыл алды.

Данияр (аты өзгөртүлдү, Д.Т.К.) 1962-жылы Нарын шаарында туулган, үй-бүлөлүү, орто билимдүү, мурда соттолгон эмес, эч жерде иштебейт.

Каныбек (аты өзгөртүлдү, К.Т.К.) 1978-жылы Ош облусунда туулган, үй-бүлөлүү, орто билимдүү, 1997-жылы соттолуп, соттуулугу жоюлган, эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучулар Каныбек, Жанарбек (аты өзгөртүлдү, Т.Ж.А.) 2023-жылдын 24-апрелинде болжол менен саат 03:00 чамасында Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы дачада В.Х.Х. менен спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ошол маалда Жанарбек менен В.Х.Х.нын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыккан. Жанарбек Х.Х.В.ны муштум менен уруп, андан кийин Каныбек экөө жабырлануучуну тепкилеп, короодо турган шиш күрөк менен чаап өлтүрүшкөн. Андан кийин Даниярды чакырып, Каныбек менен Жанарбек жансыз денени арабага салып, талаага алып барып ташташкан.

Эртеси Данияр, Каныбек менен Жанарбек кылмыштын изин жашыруу үчүн алдын ала сүйлөшүп, Каныбек менен Жанарбек кайра талаага барып, Х.Х.В.нын жансыз денесин арабага салып, жолду көздөй сүйрөп барышкан. Ал жактан аларды Данияр «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы менен күтүп турган. Үчөө жансыз денени унаага салып, андан соң Кайыңды шаарынын түндүк тарабынан агып өткөн Чоң Чүй каналына алып барып ташташкан.

Жанарбек Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна камалып, 2023-жылдын 24-июлунда каза болуп калган. Мындан улам ага карата кылмыш иши Панфилов райондук сотунун 2023-жылдын 1-сентябрындагы токтому менен өндүрүштөн кыскартылган.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү А.Х.И.нин айтымында, В.Х.Х. иниси болгон. Кайыңды шаарында дачада жашап, мал кармап келген. Спирт ичимдигин иччү эмес. Анын артында эки уулу калган.

Мыйзамдуу өкүл А.Х.И айыпталуучуларга карата өмүр бою эркиндигинен ажыртуу түрүндө жаза белгилөөнү суранды.

Айыпталуучу Данияр соттук отурумда угузулган айыбы боюнча күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, буларды көрсөттү. Аны телефон аркылуу Каныбек менен Жанарбек Х.Х.В. менен уруша кеткендигин айтып чакырышкан. Ал дачага келгенде В.Х.Х.нын өлүп калганын билбеген эмес. Эртеси Жаныбек телефон чалып, В.Х.Х. каза болуп калгандыгын, жансыз денени жок кылууга жардам сурашкан. Данияр кечинде өзүнүн «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаасы менен жол жакта күтүп турганда Каныбек менен Жанарбек кол араба менен Х.Х.В.нын жансыз денесин сүйрөп келишкен. Андан кийин жансыз денени автоунаанын багажына салып, каналга барышкан. Ал жактан Каныбек мене Жанарбек жансыз денени каналга ташташкан.

Данияр жасаган кылмышына өкүнүп, жазасын жеңилдетүүнү суранды.

Айыпталуучу Каныбек соттук отурумда күнөөсүн мойнуна албай, ал бул окуяга катышпагандыгын, мурдакы көрсөтмөлөрдү ага милиция кызматкерлери тарабынан кысым болгондуктан бергендигин айтты.

Данияр Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 3-5-7-16-пункттары менен менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркинен ажыратылды.

Каныбек Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-5-7-16-пункттары менен менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX