Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Жамалдиновдун агасы тууралуу эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку Кеңеште айрым депутаттар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун дарегине сын айтты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу) парламенттин 2023-жылдын 9-мартындагы жыйынында Зиядин Жамалдинов 2021-жылы Абшыр-Атага караштуу токой чарба жерин бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып бергенин билдирген.

Анын айтымында, Зиядин Жамалдинов Кулатов айыл өкмөтүнүн 14/3 токтому менен 181 гектар жерди дагы бир тууганына каттаткан.

Андан кийин депутат Эмилбек Жусупов («Ишеним» фракциясы) сын айткан. Анын айтымында, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына инвесторлор тартылып, алар мечит, 2 бала бакча жана 2 медресе курмак. Бирок тоскоолдуктар болгон.

Ошондой эле депутаттар Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»), Надира Нарматова («Ата-Журт Кыргызстан») жана Кундузбек Сулайманов Зиядин Жамалдиновду сындаган.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов ошол эле күнү маалымат жыйын өткөрүп, комментарий берип, айтылгандардын баары чындыкка дал келбей турганын билдирген. Мындан тышкары укук коргоо органдары Жогорку Кеңештин депутаттары айткан факттар боюнча текшерүү жүргүзө ала турганын кошумчалаган.

Ал эми Кулатов айыл аймагындагы 180 гектар жер боюнча: «Балким менин агам жер алгандыр, бирок депутат Коргонбай уулу айткандай жол менен эмес. Ал мени кызмат абалымдан кыянаттык менен пайдалып, аталган жерди агама каттатып берген деп жатат. Жер 2014-жылы же 2018-жылы бөлүнгөн болушу мүмкүн. Кайсы убак болбосун эмгектенип, жерди мыйзамдуу жол менен алган жарандар бар. Текшерип, баары өз ордуна коюлсун», — деп жооп берди.

Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары [айылдык кеңештин төрагасы А.Топчубаев болгон] 2018-жылы 26-сентябрда «Кулатов айыл аймагындагы Жин-Жиген тилкесиндеги 181,70 гектар жер аянтынын түндүк батыш тарабындагы жерден 5 гектар жер аянтын «Кожо-Арык А» ЖЧКсына мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананы куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде 49 жылга ижарага берүү жөнүндө» током кабыл алышкан.

Жер тилкесин максаттуу пайдалануу боюнча милдеттер «Кожо-Арык А» ЖЧКсынын жетекчиси А.Жамалдиновго жүктөлгөн. Токтомдо эгерде ЖЧК 2 жылдын ичинде курулуш ишин баштабаса, анда жер тилке айыл өкмөткө кайтарыла турганы жазылган.

Ал учурда ижара боюнча келишимди «Кожо-Арык А» ЖЧК менен Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы [ал учурда айыл өкмөт башчы Мадимаров Нуридин Султанович, учурда ал Нарын районунун акими] түзгөн.

Пример HTML-страницы

Т.Кулатов айыл өкмөтү Ноокат районундагы эң бай айыл аймак болуп саналат. Айыл өкмөттүн 2021-жылдагы бюджети 98 млн 383 миң 300 сомду, ал эми 2022-жылдагы бюджети 91 млн 628 миң 700 сомду түзгөн.

————————————————

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Кожо-Арык А» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Жамалдинов Арапбай Исламович. Компания 2017-жылы 2-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: акиташ казуу.

————————————————

Ошондой эле «Кожо-Арык В» жоопкерчилиги чектелген коому да бар. Компаниянын жетекчиси жана түзүүчүсү — Жамалдинов Арапбай Исламович. ЖЧК 2019-жылы 22-октябрда каттоодон өткөн. Негизиги ишмердүүлүгү: туризм тармагындагы ишмердүүлүк.

————————————————

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында Арапбай Жамалдинов «ШЕЙХ АХМЕД БИН ОБЕЙД АЛЬ МАКТУМ ИНТЕРНЕЙШИНЛ ИНВЕСТМЕНТС ЭНТЕРПРАЙЗЕРС» жоопкечилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Ал эми түзүүчүсү — «ШЕЙХ АХМЕД БИН ОБЕЙД АЛЬ МАКТУМ ИНТЕРНЕЙШИНЛ ИНВЕСТМЕНТС ЭНТЕРПРАЙЗЕРС» жоопкечилиги чектелген компаниясы.

Компания 2015-жылы 29-апрелде каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: траст-компания, инвестициялык фонд жана каржы уюмдарынын ишмердүүлүгү.

————————————————

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин депуттарын шайлоодо Жамалдинов Арапбай Исламович «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү өкүлү катары катталган.

Буга чейин Арапбай Жамалдинов Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты («Өнүгүү-Прогресс» фракциясы) болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE