Пример HTML-страницы

Жалал-Абадга 5 өлкөнүн футболчулары келет. Эми аптасына эки жолу айдоочуларга рейд өтөт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында тез жардам унаасына жол бербеген айдоочуларга 110 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, эми «Маяк» аталышындагы рейддик иш-чара аптасына эки ирет өткөрүлүп турат.

«Баарыбызга белгилүү болгондай, өзгөчө кырдаалдар болгон учурда атайын кызматтар окуя болгон жерге өз убагында барбай, тургундардын нааразычылыгын жаратат. Адистер мындай абал жолдо айдоочулардын атайын унааларга жол бербегени жана жол тыгындары себеп болорун айтышат. Мындан улам Жалал-Абад шаарынын аймагында «Маяк» аталышындагы рейд жүргүздүк. Иш-чаранын жүрүшүндө тез жардам унаасына жол бербеген 11 айдоочу аныкталып, аларга административдик протокол толтурулуп, ар бирине 10 миң сомдон айып салынды.

Мындай иш-чаранын тынымсыз жүргүзүп жатканыбыздын дагы бир себеби, 3-июлдан 13-июлга чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарына 5 өлкөдөн футболчулар келип, «Курманбек» стадионунда футболдук беттештер өтөт. Тактап айтканда, коноктор Иран, Афганистан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келишет. Мындай учурда алардын унааларын жол кыймылын тескеген инспекторлор коштоп жүрөбүз», — деди Сатыбалдиев.

Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 4-пункту. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө — жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жаркылдоочу маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотулуп жаткандыгына ынанганда гана пайдалана алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE