Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддын тургундарына жол кырсыктардан талкаланган унааларды көрсөтүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарында «Жол эрежесин сактоо жалпыбыздын милдетибиз» аталышындагы түшүндүрүү саамалыгы өттү.

Жалал-Абад шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, шаар ичиндеги ылдамдыкты азайтуу, оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарга жол бербөө үчүн жол кырсыкка кабылган унааларды алып чыгып, элге көрсөтүү үчүн көчөлөрдү аралатышты.

«Талкаланган унааларды көргөндө катуу ылдамдыктарын азайтып, жол эрежесин сактоого аракеттене түшкөн айдоочулар көп. Мына ошондуктан шаар ичинде кырсыктан оолак болууга чакырык ташталган үндү бийиктетип айтып чыктык. Айдоочулук маданияттын төмөндүгү көрүнүп турат. Бир аз да болсо эрежелер эстерине келип калар деген ойдо жасадык», — деди ал.

Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 50дөн ашуун жол кырсык катталып, 3 адам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE