Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддын аймактарында электр жарыгы өчүрүлгөн убакыт (график)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад электр тармактары ишканасы мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет.

Ишкананын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулады. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө.

«Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш-чаралары көрүлүүдө. Аномалдуу суук аба ырайына байланыштуу Жалал-Абад электр тармактары ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Объекттерде өздүк курамдын кошумча түнкү нөөмөттөрү уюштурулган. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аны тез арада жоюу схемасын иштеп чыгуу менен авариялык оңдоо запасы даярдалган. Кызматкерлер авариялык өчүүлөр орун алган жерде калыбына келтирүү жумуштарын ыкчамдык менен аткарууга алышууда. Катуу суукка байланыштуу электр жабдууларына ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE