Жалал-абаддыктар үчүн 10 электробус сатып алууну пландап жатышат. Шаар буга даярбы?

TurmushЖалал-Абад шаарындагы коомдук транспорттор каттаган негизги көчөлөргө 34 аялдама куруу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-мэр Азамат Раматиллаев билдирди.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы калаадагы аялдамалардын абалына жана санына кызыгып көрдү. Ленин көчөсүндөгү автобекеттен борбордук базарга чейинки аралык 5 чакырымдан ашат. Бирок бул жерде 2 гана аялдама бар. Мындай көрүнүш шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратат.

Жергиликтүү жашоочу Нурбек күн сайын жумушуна дал ушул Ленин көчөсү аркылуу каттайт. Анын айтымында, жолдогу иретсиздик рулда бара жаткан адамга түйшүк жаратат.

«Өзүм Спутник кичи шаарчасында жашайм. Жумушум шаардын борбордук бөлүгүндө болгондуктан күн сайын Ленин көчөсү аркылуу каттайм. Негизи биздин шаар Ош же Бишкек шаарларындай чоң эмес, бир жерден экинчи жерге жетүү анчейин деле түйшүк жаратпайт. Бирок калаадагы транспорт каражаттары көп каттаган көчөлөрдө айдоочулардын тартипсиздиги унаа башкарып бара жаткан адамды кыйнайт. Жеңил унааларды айтпай эле коёюн, эл ташыган коомдук транспорттордун айдоочулары жол эрежесин сактабайт. Эреже боюнча, коомдук транспорттор жолдун оң тарабы менен гана жүрүшү керек. А бизде жолдун ортосунда бара жатып, кокус жүргүнчү кол көтөрсө, бурулуу үчүн эскертүү сигналын күйгүзбөй деле жол четине чыга берет. Анан калса, мындай транспорттор жалаң аялдама бар гана жерлерге токтошу керек болчу. Бизде аялдамалардын жоктугунан улам каалаган жерге токтой берет. Аялдамалар калаанын Ленин, Пушкин, Б.Осмонов, Манас жана Жеңи-Жок көчөлөрүнө керек», — дейт Нурбек.

Буга чейин шаар бийлиги республикалык бюджеттин эсебинен 10 даана электробус аларын билдирген. Мындан улам жол чийини, аялдамалары жок көчөлөрдө чоң автобустар кантип токтоп, жүргүнчү алып, түшүрүшөт деген суроону аймактык кабарчы жергиликтүү жетекчилерге узатты.

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Азамат Раматиллаев бул көйгөй чечилип жатканын айтат.

Пример HTML-страницы

«Буга чейин Министрлер кабинетине электробус сатып алуу боюнча кат жолдогонбуз. Алар республикалык бюджеттен колдоп бере турган болду. Анын алкагында шаарыбыз үчүн 10 даана электробус жана тез кубат алдыруучу 2 станцияны 7 жылдык мөөнөт менен насыяга сатып алабыз. Азыркы тапта биз бул коомдук транспорттордун мүнөздөмөсүн окуп, критерийлерин жазып койгобуз. Учурда Кытайдын жана Белоруссиянын өндүрүшүндөгү автобустар чыгып жатат. Алдыңкы күндөрү адистер тендер жарыялайт. Бул электробустарды 7 жылга насыяга алып жатабыз. Төлөмдүн биринчи жылында жеңилдиктер каралган, кийинки жылдардан тарта төлөп баштайбыз.

Бул автобустар көлөмү жагынан чоң келет. Чындыгында алар алынып келсе, көрүнгөн жерге токтоп, жол тыгынын пайда кылат деген чочулоо бар. Бирок алдыңкы убакытта шаардын негизги көчөлөрүндөгү зарыл делген 5 жерге аялдамар курулат. Ал үчүн шаар казынасынан 1 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилет», — дейт биринчи вице-мэр.

Ал эми Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобазанын мурунку жетекчиси — шаардык кеңештин депутаты Искендер Мейманкулов аялдамалар боюнча абал оор экенин айтты.

«Быйылкы жылы руспубликалык бюджеттен Жалал-Абад шаары үчүн 10 электробус алганга жеңилдетилген насыя берилип жатканы кубантарлык көрүнүш. Себеби муниципалдык автобазанын автопаркы ачылган күндөн тартып жаңылана элек болчу. Электробустарды алсак, биринчи кезекте экологияга болгон мамилебиз оңолуп, экинчиден күйүүчү майга сарпталган акча үнөмдөлөт.

Былтыркы жылы мен автобазаны жетектеп турган учурда долбоор даярдап, электробустарды изилдеп жатканда кубаттоочу станциялар менен да таанышып чыкканбыз. Чындыгында 2 станция 10 электробусту кубаттоого күчү жетет. Бирок шаарда чечилбей келаткан көйгөй бар. Ал аялдамалар боюнча, бул жаатта чындыгында абал оор. Электробустар азыркы автобустарга салыштырмалуу көлөмдүү келип, жолдо жүргөндө бир аз кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Аткаруу бийлиги ал кыйынчылыктарды чечет деген ишеничтемин.

Тиешелүү кызматтар коомдук транспорт — электробус, автобус, кичи автобустарды аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүрүп жана алуусун такай көзөмөлгө алып, а түгүл бейчеки токтогон айдоочуларга айып пул салып гана тартипке келтирсе болот. Ошондо гана шаарыбызда башаламан жүрүү, тартип бузуу жана жол тыгын боюнча маселе чечилет», — деди ал.

  • Жалал-Абад шаарында 9 маршурттук линия бар. Каттамдарды ишке ашыруу үчүн онго жакын жеке менчик жүргүнчү ташуучу компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мындан сырткары муниципиалдык автобазанын 8 автобусу да эл ташыйт. Алардын күйүүчү майы үчүн шаар бийлиги бир жылда 3,5 млн сомдон 6 млн сомго чейин каражат бөлүп беришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️